Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

РОССИЯ МЕНЕН БЕЛАРУСТУН БИРДИКТҮҮ АКЧА БИРДИГИНЕ ӨТҮҮ АРАКЕТИ КОЛДОО ТАБАБЫ?


Бүбүкан Досалиева, Прага Орусия менен Беларустун расмий жетекчилиги 2005-жылдын 1-январынан тарта бирдиктүү акча бирдигине өтүү чечимине келишти. Мындай чечим ушул айдын башында бул эки мамлекеттин каржы министрлик өкүлдөрүнүн Минск шаарында өткөн жыйынында кабылданды. Ага ылайык Беларуста орус рублин жүгүртүүгө киргизүүгө багытталган 30 айлык план да бекитилди. Бул аракет эки мамлекеттин саясаты менен экономикасына кандай пайда алып келиши же кесепетин тийгизиши мүмкүн?

Россия менен Беларустун Каржы министрлик өкүлдөрү кабылдаган 30 айлык план боюнча 2004-жылдын 1-январынан баштап Беларуста аз-аздап акча айырбаштоо өнөктүгү башталат. Ал жылдын аягына чейин уланып, беларус акчасы орус акчасы менен күнүмдүк курска жараша алмаштырылып турат жана 2005-жылдын 1-январынан тарта бирдиктүү акча толук жүгүртүүгө өтөт.

Бул план Беларусту Орусия менен бириктирүүнү көптөн бери тилеп келген президент Александр Лукашенка үчүн абдан маанилүү окуя болууда. Ал өз мамлекетин советтик доордон калган эрежелердин алкагында кармап, демократиялык кайра түзүүлөр менен рынок экономикасын кыйгап өткөн саясат жүргүзүп келeт. Бул аракетти Лукашенка мурдагы СССРдей бирдиктүү бир зор мамлекетти түзүүгө жасалган алгачкы кадам катары баалоодо. Ал эми Лукашенканын сынчылары менен айрым көз карандысыз байкоочулардын баамында эки мамлекеттин бул кадамынын ишке ашар-ашпасын так айтуу кыйын.

Айрымдарынын ою боюнча, бирдиктүү акча бирдигине өтүү планынын ишке ашаары анык. Анткени, ага Беларустун президенти Александр Лукашенка ынтаасын катуу коюп, аны менен мамлекеттин жана өзүнүн президенттик келечек тагдырын байланыштырууда. Ал эми айрымдарынын баамында, Орусиянын кол алдына 10 миллион калкы бар Беларустун араң жан экономикасы гана эмес, эгемендиги да биротоло өтөт. Анткени, Лукашенканын авторитаризми, саясий өзгөчө көз караштары үчүн атаандаштарын куугунтукка алуусу, оппозициячыл саясатчыларды түрмөгө салуусу Беларусту Батыштан эбак эле алыстатып, чет элдик инвестициянын жолун бууган.

Андан тышкары Беларус жетекчилигинин экономикадагы ыраатсыз саясаты өлкөдө болуп көрбөгөндөй инфляция жаратып, беларустун зайчигине карата бир доллардын катышын 20 миңге чыгарган. Демек, орустун рубли зайчикке салыштырмалуу алда канча баалуу жана салмактуу. Экономиканы изилдөө боюнча Минскидеги көз карандысыз иликтөө борборунун президенти Ярослав Романчук бул план 2005-жылдын аягына чейин ишке ашаарына анча ишенбестигин айтат. Анын ою боюнча, “бул ашкан деле акыл менен жасалган экономикалык саясат эмес жана анын артында саясий чайкоочулук турат.

- Саясий жагынан алганда бул проблема Минск үчүн абдан маанилүү. Эгер Лукашенка бирдиктүү акча бирдигин киргизүүгө макулдугун берсе, анда Кремль анын үчүнчү мөөнөткө шайлануусуна макулдук бериши керек. Демек, бул эки мамлекеттин ортосунда соода жүрүп жаткандыгын айгинелейт. Ошону менен бирге эле мен орус президентинин администрациясындагы көп адамдар менен эксперттер Лукашенканын үчүнчү мөөнөткө шайланышына каршы экендигин жакшы билем. Ушундан улам Лукашенка бирдиктүү акча бирдигин киргизүүгө макулдук берсе да ,анын колдоо табуусу арсар.

Иликтөөчү Ярослав Романчуктун ою боюнча, эки мамлекетте бир акча жүгүртүлсө, анда Орусиянын ишкерлеринин Беларустун мунайын, газын жана химиялык өнөр жай ишканаларын сатып алуусуна кеңири жол ачылат.

Ал эми Беларустагы экономикалык изилдөө биримдигинин өкүлү Давне Тер-Сакарияндын ою боюнча, бул план экономикасы Беларуска караганда алда канча күчтүү Орусиянын жаңы түйшүгүн жаратышы ажеп эмес:

- Бул Беларус үчүн өтө маанилүү. Ал эми Орусия үчүн бирдиктүү акча бирдигине өтүү деген идеяны ишке ашыруудан башка пайдасы деле жок. Анткени, бул жерде Орусия ээ боло турган артыкчылык ар кыл. Албетте, Орусиянын Беларустун баалуу мүлкүн сатып алууга мүмкүнчүлүк кеңейет, бирок, ошол эле учурда ал тобокелге салынган батылдыкты талап кылат. Себеби, Орусия андай мүлктү Каспийден деле сатып алууга кудурети жетет.

Анткен менен Беларусь президентинин бул аракетин демократия менен рынок экономикасына карай арымы чоңураак болгон Орусияга теңелүү далалаты катары да баалашууда. Өткөн жумада Гомель райондук соту «Демократиялык демилге» аттуу уюмду активдүү ишмердиги үчүн соттоду жана «Беларусская деловая газета» Mаалымат министрлигинин чечими менен ишин үч айга токтотууга аргасыз болду.
XS
SM
MD
LG