Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

САРАТАНДА КӨЛ ЖЭЭГИНЕН КОНОКТОРДУН АЯГЫ ҮЗҮЛБӨЙТ


26-27-июнда Көл жээгинде 3-инвестициялык саммит өтөт. Кыргызстандын экономикасынын өнүгүш жолдорун талкуулаган жыйынга биртоп донор өлкөлөрдүн ишкерлери, ири адистер, республикадагы чет өлкөлөрдүн элчилери, республиканын президенти, өкмөт башчысы катышары күтүлүүдө. Тикелей инвестицияларды тартуунун укуктук негиздери, башкаруунун натыйжалуулугу талкууга алынат. 23-июнда республиканын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев маалымат жыйынын өткөрдү.

Жоомарт Оторбаевдин айтымында, жай ичи көгүлтүр көл жээги биртоп каадалуу жыйындардын орду болмокчу. Максат – республика оголе чоң үмүт арткан туризмди өнүктүрүү, өлкө экономикасына тикелей инвестицияларды арбыныраак тартуу. Инвестициялык жыйындан кийин бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн бажычылары, андан соң КМШ өлкөлөрүнүн энергетика тармагынын жетекчилери чогулушун өткөрүшөт. Кыйладан бери кыргыз өкмөтү камынып отурган орусиялык ишкерлердин көл жээгинде өтүүчү жыйынга да чоң үмүт артылган. Иши кылып, саратан жайда көлгө келчү каадалуу коноктордун катары арбын болот.

3-инвестициялык саммитте негизинен чөлкөмдүк алака-катыштар, инвестицияга жагымдуу шарт түзүү, анын укуктук негиздери талкууга алынат. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, бир жарым күн инвестициялык маселелер жайында кеп болот. «Ээн-жайкын пикир алышуу маанайында бийлик башчылары менен ишкерлер бетме-бет отуруп, канткенде инвестициялык маанайды жакшыртууга болору талкууга алынат,- деп билдирди Жоомарт Оторбаев.- Антсе да шарттуу алганда үч маанилүү блоктун айланасында сөз жүрөт. Биринчиси – сынчыл маселелер. Өткөн 2 жыл ичинде эмнелер жасалганы, буга чейинки 3 инвестициялык матрица боюнча эмнелерге жетишкендигибиз айтылат. Анын ийгилигине караганда мүчүлүштөрү тууралуу көбүрөөк кеп кылсакпы деп турабыз».

Вице-премьер-министрдин айтымында, экинчи маанилүү маселе мындан ары эмне кылуу керек деген суроого байланары бышык. Буга чейин өтөлүнө чыга албай калгандарды кантип жүзөгө ашыруу керектиги, чыгармачыл мамиленин зарылдыгы мына ушул экинчи секцияда талкууга салынат. Талкуунун үчүнчү бөлүгү конкрет сунуштардын айланасында болмокчу. «Биз буга чейин жасагандарыбызды сын элегинен өткөрүп, ага чыгармачыл мамиле жасоонун зарылдыгын аныктап алганыбыздан кийин жумушчу документ кабыл алуубуз зарыл. Анда буга чейинки мүчүлүштүктөр, коолдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр да чагылдырылмакчы. Саммиттин форматы жайында кеп кылсак, ага 20 жакын гана киши катышат. Кыргызстандан сегизге жакын адам, президент, өкмөт жетекчиси, бийликтин экономика тармагына жооптуу жетекчилери саммитке катышат. Негизги катышуучулар эларалык инвесторлор», - дейт Жоомарт Оторбаев.

Жыйынга Орусиянын өткөөл мезгил экономикасы институтунун директору Егор Гайдар келет, деп маалымдады Ж.Оторбаев: «Биз аны менен жалпы программаны иштеп чыгабыз. Эмне үчүн антип атканыбыз деле белгилүү. Велосипед ойлоп табыштын ордуна буга чейинки топтолгон тажрыйбаны эсепке алган оң».

Ж.Оторбаевдин айтымында, инвестицияга байланышкан 60 мыйзам долбоору парламентке киргизилген, алардын 20% кабылданган. Калгандары кезек күтүп турушат. «2001-жылдын июлунда биз виза режимин жумшартуу маселесин талкуулап, аны оңуна чечкенибизде жетекчилик проблема ашып барса 3 айда чечилет деп ынандырган. Чакыруусуз келген кишилер ОВИРге барбастан аэропорттон эле виза алышына шарт түзгөнбүз. Үч айда бүтчү ишибиздин оңуна чечилишине 2 жыл талап кылынды. Тымызын каршылык көрсөтүүлөрдү айтпаган күндө да, иштеп аткандай түр көрсөткөндөрдүн айынан жалпы иш аксап жатат. Албетте, аларга каршы күрөшүү керек. Бул өтө мүнөздүү мисал», - деди вице-премьер-министр.

Анын пикирине караганда, президент демилгени колдоп, жардамын берүүдөн аянбайт. Анткен менен натыйжасыз башкаруучулардын айынан иш жакшы жүрбөйт. «Ошон үчүн башкаруунун сапаты, ыймандуу башкаруучулар тууралуу айтып отурабыз. Сапатсыз башкаруунун айынан реформалар жайлап, баштагы күүсүн жоготуп алды»,- деп айтты Ж.Оторбаев.

Вице-премьер-министр тикелей инвестиция тартуу боюнча жаңыдан түзүлчү агенттикте 30 жакын киши иштээрин, ал азыркы инвестиция боюнча секретариаттын координациялоо, бизнес план түзүү, жекече ишкерлерге, мамлекетке көмөк көрсөтүү милдетин алаарын маалым кылды. Базар-нарк мамилелеринин оожалтуу аракетине өткөн жаңы түзүм эмдиги жылдын апрелинен баштап ишке кириши ыктымал. Азыр агенттикте иштей турган адистерди окутуу-үйрөтүү иштери жасалууда.

XS
SM
MD
LG