Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Адам укуктары боюнча кыргыз комитетин аудиттик топ текшерет


БИШКЕК. 23-июнда Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин Качкын Булатов, Рыскелди Момбеков, Болот Тыналиев баштаган 10 кызматкери эларалык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнө жана элчиликтерге кайрылуу жолдошту. «Голландиянын «Хивос» уюму жиберген көз карандысыз аудиттик топ Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүү максатында Кыргызстанга келатат, андыктан Рамазан Дырылдаевдин мыйзамсыз иштерине «Хивос» баштаган донор уюмдардын көңүлүн буруш максатында 23-июнга белгиленген ачкачылык акциясын баштоону кийинкиге жылдырдык» дешет кайрылуу ээлери. Аудиттик топтун Кыргызстанга 25-июнда келээрин «Хивостун» өкүлү Марсел Ван Дер Хайден комитеттин башкарма мүчөсү Мамасалы Жакишевге телефон аркылуу билдирген. Жакишевдин «Азаттыкка» маалымдашынча, текшерүүчү топтун мүчөлөрү Рамазан Дырылдаев баштаган комитеттин иштеп жаткан өкүлдөрү менен да, Болот Тыналиев баштаган мурдагы кызматкерлери менен да жолугушмакчы.

XS
SM
MD
LG