Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Өкмөттүк делегация Иранга жөнөп кетти


БИШКЕК. Дүйшөмбү күнү премьер-министр Николай Танаев башында турган өкмөттүк делегация Иран ислам республикасына ырасмий сапар менен жөнөп кетти. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, 23-июнда Николай Танаев Ирандын президенти Сaйид Мохаммад Хатами баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү менен, 24-июнда Тегерандын мэри Махмуд Ахмади-Нежад менен жолугушуусу күтүлүүдө. Жолугушуулардын жыйынтыгында эки мамлекеттин каржы министрликтеринин ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумга жана кош кабат салык алууну токтотуу боюнча келишимге кол коюлат.
Тегеранда өтө турган өкмөттөр аралык кыргыз-иран комиссиясынын 6-отурумунда соода-экономикалык мамилелерди артыруу, биргелешкен ишканаларды түзүү жана Бишкекте «Иран соода борборун» ачуу боюнча маселелер талкууланат. Кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиянын 5-отуруму 2003-жылдын 25-февралынан 6-мартка чейин Бишкекте өткөн. Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2001-жылы 14,9 млн. долларды түзгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG