Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

АШГАБАТ – МОСКВА: КОШ АТУУЛДУК БОЮНЧА ТАЛАШ-ТАРТЫШ


Муса Мураталиев, Москва калаасы Буга дейре Орусия менен Түркмөнстан ортосунда кош атуулдук тууралуу атайын макулдашуу бар эле. Былтыр президент С.Ниязовго кол салуу аракети жасалган соң, ашгабаттык бийлик соттогондордун арасында Орусияга да атуул болуп эсептелген айрым кишилер болду. Бул окуялардан көп узабай, Түркмөнбашы 1991-жылы кабыл алынган эки өлкө ортосундагы кош атуулдуулук келишимин бир тараптуу бузуп, ал келишим үстүбүздөгү жылдын 22-июнунан тартып күчүн жоготот деп жарыя кылды. Ашгабаттын капилеттен мындай чечим кабыл алышы Москванын намысына тийген сыяктанды. Басма сөз каражаттары бул маселени байма-бай жазып, Мамлекеттик дума атайын эскертүү жасады.

Ашгабат бийлиги мындан эки айдай убакыт мурда билдирүү жарыялап, 22-июндан тартып өлкөдө кош атуулдук жоюлаарын эскерткен. Түркмөнстанда президент эмне дебесин ал айткан ой сөзсүз ишке ашышы ылаазым. Мындайча айтканда, ал бийликтин бир өзгөчөлүгү ушунда. Маселен, Сапармурат Ниязов опера жанры түркмөн эли үчүн кереги жок десе, опера театры жабылат. Ал аптанын күндөрүн же ай аталыштарын түркмөнчө атайлы десе, жети күн жана он эки ай президенттин ата-теги, жазган китебинин аттары менен алмашат.

Иши кылып, өз өлкөсүндө эч бир чеги жок бийликке ээ Түркмөнбашы уккан кулак анча ишене бербегидей иш-аракеттерге барып, оюна эмне келсе ошону жасоодо. Мындай кишини кыргыздар: "өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илген" деп коёт.

Бирок өз өлкөсүнүн “султаны” Ниязовдун жогорудагыдай Орусия менен өз ара макулдашпай жасаган кадамы орусиялык коомчулуктун кыжырын кайнатты. Гезиттер удаа-удаа жазып, Мамлекеттик думанын комитеттери талкууга алып, “Түркмөн башчысы менчигине айлантып алган” Түркмөнстан өлкөсүн кара тизмеге кошууга чакырышты.

Маскөөдө сыналгы менен үналгылар, гезит-журналдар тынбай бул маселени талкууга алып аткан учурда, карапайым ашгабаттыктар бул берүүлөрдү уккан да, гезиттерди көргөн да жок. "Русский курьерге" ишембиде (21.06.2003 Марьям Идрисова - Туркмения накануне 22 июня - Түркмөнстан 22-июндун алдыңкы күнү) чыккан бир кабарда: “Бул өлкөдө орусиялык гезиттер сатыкка түшпөйт, ага тыюу салынган, сыналгы менен үналгы тартылбайт, ага да тыюу салынган, интернет болсо - кол жеткис кымбат нерсе" , - деп айтылат.

Мындай жагдай президент Сапармурат Ниязовдун атка минерлеринин өлкөдө бир жактуу маалымат таркатуусу үчүн өзгөчө ыңгайлуу өбөлгө болуп саналат.

Түркмөн бийлиги эки паспорту барлар 22-июндан тартып "же Орусиянын, же Түркмөнстандын атуулу болуп калат. Кош атуулдук мындан ары күчүн жоготот” деп эки ай мурда эскертишкен. Кош аттуулук келишими эмне себептен бир тараптуу бузулгандыгы туурасында атайын түшүндүрүү аракети болгон эмес.

Орусияда таркалган кайсы бир айың кепте "22-июндан соң орусиялык болуп калган атуулдарды расмий Ашгабат өлкөдөн сүрүп таштайт" деп айтылат. Орусиялык саясатчылар айың кептин дал ошол жерин бетке карманышып, күйбөгөн жери күл болуп атышат.

Алардын демин баскан президент Владимир Путин болду. Ал 20-июнда журналисттер менен болгон жолугушуу маалында бул маселе тууралуу мындай деди:

- Биздин атуулдар кайда жашабасын, Европадабы, Африкадабы же Борбор Азиядабы, биз аларды дайыма коргоого алабыз. Бул - биздин өкмөттүн, тышкы иштер министрлигинин милдети.

Ал эми Түркмөнстанга тийешелүү кебинде орусиялык жетекчи мындай деди:

- Биз кош атуулдуулук келишиминин күчүнөн кетиши тууралуу тийешелүү документке ырас эле кол коюштук. Жаңы келишим мындан ары кош атуулдукту алайын деген кишилерге тийешелүү. Алар эки өлкөнүн тең атуулу боло алышпайт. Ал эми буга дейре кош атуулдук алгандар ошол бойдон (бул макамын сактап) кала берет.

Жума күнү Мамлекеттик думада бул маселе да атайын каралып, оболу Түркмөнбашы үчүн нары кескин, нары орой мүнөздө талап коюу сунуш кылынды, бирок бул долбоор кыйла жумшартылып, расмий Ашгабатка "эскертүү" жасоо менен алмашылды.

Асыресе, президент Путиндин "баарыдан мурда ал жактарда жашап аткан мекендештерибиздин камын ойлойлу» деген сөзү орусиялык саясий элитаны кыйла жоошутту.

Бирок Орусиядагы маанайды карапайым түркмөндөр уккан-көргөн жок. Демейдегидей эле бул күндөрү да Түркмөнстанда Ниязовдун үгүтчүлөрү калкка “Түркмөнбашынын чечимдери бардык жакта кызуу колдоого алынып атат” деп жар салышууда.

Маскөөдө расмий чөйрө айтып жүргөн маалыматка караганда, азыркы тушта Түркмөнстанда 100 миңден ашуун киши өзүн орусиялык атуулмун деп эсептейт. Расмий Ашгабат болсо өлкөдө 50дөй гана киши - орусиялык атуул деп санайт.
XS
SM
MD
LG