Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Гонконг өнөгөсүз өпкө оорусунан кутулду


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Гонконгду өнөгөсүз өпкө оорусу же "SARS" илдети бар аймактардын тизмесинен чыгарды. Уюмдун эрежеси боюнча акыркы 20 күндүн ичинде дартка чалдыккан эч ким болбосо эпидемия аяктаганы жарыяланат. Эң соңку ирэт "SARS" вирусуна кабылган адам Гонконгдо 2-июнда катталган.Өнөгөсүз өпкө оорусунан Гонконгдо 296 адам каза тапты, ал вирусту жуктуруп алгандардын саны 1700дөн ашты.

XS
SM
MD
LG