Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

Тегеран ирандык оппозициячыл уюмдун Франциядан кармалган мүчөлөрүн өткөрүп алууну көздөйт


Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Асефинин билдиргенине караганда, буга Ирандын укугу бар. Себеби ирандык жарандар ал уюмдун аракеттеринен жабыркап келүүдө. Тегеран азырынча кармалгандарды өткөрүп алуу үчүн Францияга расмий өтүнүч жөнөтө элек. Бул маселе али сүйлөшүүлөрдү талап кылат. Франциянын полициясы өткөн аптада Ирандын "Муджахидин калк" деген куралдуу оппозициядагы уюмунун кеңселери менен ага мүчө адамдардын үйлөрүн тинтип, бир нече кишини камака алган. Аталган уюмдун 40тай мүчөсү буга нааразылык билдирип, Париждин чет жакасында ачкачылык жарыялоосун улантууда. Бул окуяга байланыштуу бүгүн Франциянын Кипрдеги элчилигин алдына келген үч ирандык өзүлөрүн өрттөөгө аракеттенгенде кармалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG