Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Тажикстандын калкы өлкөнүн Конститутциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү колдоду


Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, Конститутцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү кечээги референдумда добуш бергендердин 93%ы колдоду. Добуш берүүгө болсо ага укуктуулардын 96,5%ы катышкан. Эми президент Эмомали Рахмоновдун 2006 –жылдан кийин дагы эки мөөнөткө президенттик шайлоого катышуусуна жол ачылды. Эгер ал шайланса бийликте 2020-жылга чейин кала алат. Өлкөнүн оппозициячыл эки партиясы референдумдун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялашты. Демократиялык партиянын лидери Махмадурзи Искандеровдун айтымында, алардын эсеби боюнча башкалаа Душанбеде добуш берүүгө калктын 20%дайы эле катышкан. Добуш берүүгө эл аралык байкоочулар да көзөмөл салган жок.

XS
SM
MD
LG