Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:02

Ирактын мунай-газ куурларында дагы жарылуу болду, убактылуу администрация жаңы армияны түзүү планын жарыялады


Батыш маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, соңку үч күндүн ичиндеги экинчи жарылуу Ирактын Сирияга чектеш аймагындагы муунай куурунда болгон. АКШнын Ирактагы аскерлери азырынча жарылуунун чын-төгүнүн ырастай элек. Өлкөнүн мунай министрлигинин өкүлүнүн "Рейтер" агенттигине билдиргенине караганда, дем алыш күндөрү Хит шаарына жакын жерде мунай эмес газ кууру жарылган. Ирактын АКШ жана Британия башкарган убактылуу администрациясы өлкөнүн жаңы куралдуу күчтөрүн түзүү планын жарыялады. Ага ылайык Ирактын 12 миң жоокерден турган жаңы армиясы бир жылдын ичинде куралат. Армияга чакыруу жараяны келерки аптада башталмакчы. Ал эми иштен бошотулган аскер кызматчыларына алар башка жумуш тапканга чейин жөлөкпул төлөнөт. Ирактын мурдагы армиясы жана коргоо министрлиги убактылуу администрациянын чечими менен өткөн айда таратылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG