Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРДИН ФОРМАСЫН КѲПЧҮЛҮК ЖАКТЫРБАДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда 2003-жылы президенттин жарлыгы менен мамлекеттик кызматкерлерге атайын форма киргизилүүдө. Мындай кийим-кечектердин тигилишине адистердин айтымында 300 миллион сом корогону турат. Атайын форманын киргизилиши коомчулукта нааразы пикирди да жаратты. Президенттин бул тууралуу жарлыгы чыгары менен «Демократияны өнүктүрүү фондусу» атайын форманы кайра жокко чыгаруу жөнүндө мамлекет башчысына кайрылуу жөнөткөн.

Мамлекеттик чиновниктер ушул жылдын 31-августунан баштап атайын форма кийишет. Аялдар кара юбка, ак кофта кийип, бийик такалуу кара же кочкул көк түстөгү туфлиге өтүшөт. Эркектертерге болсо кочкул көк түстөгү костюм-шым, ага түспөлдөш галстук жана ак көйнөк даярдалууда. Бооруна «мамлекеттик кызматкер» деген жазуусу жана мамлекеттик герб чегилген атайын белги тагылат. Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен мамлекеттик казына буга каражат бөлгөнү турат.

Коомчулукта окшош кийимге иренжиген адамдар өз пикирин билдире башташты. «Демократияны өнүктүрүү фондусунун президентке 17- июнда багыштаган кайрылуусунда А.Акаев жарлыгын жокко чыгарып, окшош форма кийгизүү оюнан баш тартуу чакырыгы айтылган. Демократияны өнүктүрүү фондусу бул кадамды мамлекеттик кызматкерлерди коомдогу өзгөчө катмар катары бөлүп, катардагы адамдарды кемсинтүү катары баалашат. Жогорку кызматтагылардын күрмөсү таза жүндөн токулуп, кичирек кызматта иштегендерге жөнөкөй жип аралаш жүндөн жасалышы адамды кемсинтери жазылган.

Учурда өкмөт атайын форманы тигип берчү ишкана издеп аткан кез. Атын атабоону өтүнгөн депутаттын пикиринде бул жерде билинбеген чоң бизнес жатат. «Кайсы бир чоң адамдын фирмасы аркылуу тиктирип, ушул идеянын авторлору эле киреше көрүшөт» деп болжойт депутат. Бүгүнкү эсепке караганда чиновниктердин формасына 300 миллион сом коройт. Өкмөт мүчөлөрү мамлекеттик казынага күч келтирбейт десе, бул пикирге кошулбагандар бар. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Кубатбек Байболов мындай дейт:

- 300 миллион сом деген оңой акчабы? Азыр пенсия менен пособие убагында тийбей, мугалимдер менен медиктердин айлыгы аз болуп, эл кыйналып атканда ушул идеянын автору ким болду экен? Мен ушуну билгим келип аябай таң калып атам, - дейт Кубатбек Байболов.

Атайын форманын зарылдыгын алгач кыргыз өкмөтү айтып чыгыптыр. Биринчи вице- премьер-министр Курманбек Осмоновдун билдиргенине караганда, өкмөттүн демилгесин президент жерге таштабай көтөрүп кетти. Анын айтымында, мамлекеттик казынадан анчалык деле чоң акча талап кылынбайт. Мамлекеттик кызматкердин өз чөнтөгүнөн жана ал иштеген мекеменин эсебинен болуп отуруп, казынага күч келбейт.

Кыргыз өкмөтүнүн юридикалык бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, азыр мамлекеттик кызматкерлердин саны менен кошо атайын форма болжол менен кайсы размерлерде тигилери такталууда. Эң кызыгы - кызматтан түшкөн адам формасын кошо ала кетет. Бир кезде мамлкеттик кызматкер болгон адам катары ал кийимди каалаган күнү кийип чыгууга укуктуу экенин Курманбек Осмонов айтты. Бул мамлекеттик кызматтагы адамдардын улам жаңы курамын мамлекет форма менен камсыз кылуу деген кеп. Демек, жыл сайын мамлекеттик кызматкерлердин кийими үчүн казынадан каражат каралып турушу зарыл.

Өкмөт мүчөлөрүнө кайрылганыбызда министрлердин көбү атайын форманы чоң кубаныч менен киерин билдиришти. Айыл жана суу чарба министри Александр Костюк бул форма тартипке жана жоопкерчиликке чакырат дейт. Анын пикиринде «ар бир кызматкер жумуш убагында форманы үстүнөн түшүрбөй, ошол кийимге татыктуу эмгек кылганга далалаттанат».

Республикалык социалдык фонддун төрагасы Акматбек Келдибековдун оюнда бул мамлекеттик форма келечекте чоң сыймык менен кийилет. «Атайын белгиси бар мамлекеттик форма болгондон кийин ар бир кызматкер чоң сыймык менен кийиши керек» деп ырастады.

Президенттин маалымат кызматын башкарган Уран Ботобеков бул кийимди чын дили менен киймекчи. Анын пикиринде бир топ мамлекеттик чиновниктер форма кийгенден кийин коомдо өзүн татыктуу алып жүрүүгө аракеттене баштайт. «Мисалы, ошол форма менен саунага же кафе-ресторандарга кирип баргандан тартынышат» дейт Ботобеков мырза.

Президенттик администрация менен өкмөттөгүдөй маанайды парламенттен көрө албайсың. Депутаттардын көбү «министрлерди мажбурлашы мүмкүн, биз керек болсо кийбей коёбуз» деп турушат. Жогорку Кеңештин депутаты Карыпбек Алымкулов минтет:

- Жетимдер үйүндөгү балдардай кылып опокшош кийинтип койгону туура эмес го. Мага бийликтин бул идеясы таптакыр жаккан жок.

Депутат Тайырбек Сарпашев бала кезинде мектеп формасын жаман көрчү. Кичинесинен окшош формадан качып, өз эрки менен кийингенди каалаган неме кийим тандап кийүү ар бир адамдын өз эрки деп эсептейт. Форма киргизүүнү социализм жыттанган жана азыркы коомго жат идея деген ойдо.

Ошентип, эски Брежневдин убагындагыдай «а-ля партбосс» ыгындагы форма азырынча коомдун сүймөнчүгүнө ээ боло албай турат. Бири демократиялык принциптен тайып, эскини көксөө катары бааласа, кээ бири армия менен советтик мектепти элестеткенин айтып чанышууда. Кайсы бир байкоочулар Кыргызстан калкты жакырчылыктан чыгара албай, аскерлерин тыңырак бага албай атканда бул өңдүү чыгымдар артыкбаш деп эскертишүүдө.
XS
SM
MD
LG