Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

ПАРЛАМЕНТ ӨКМӨТ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДЫ КАРООДО


Сапар Орозбаков, Бишкек Өткөн жумада Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз өкмөтү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кароону баштаган болчу. Бирок талкуунун жүрүшүндө өкмөттүн киризген долбоорунан тышкары депутаттардын өздөрү иштеп чыккан мыйзам долбоору бар экени, ал өкмөттүкүнөн айрым принципиалдуу маселелер боюнча айырмаланары маалым болгон соң палата 2 варианттын негизинде бир долбоор иштеп чыгууну Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетине тапшырган. Дүйшөмбүдө депутаттар комитет өкмөт мүчөлөрү менен бирге иштеп чыккан мыйзам долбоорун беренелер боюнча кароого өттү.

Комитет мурда эле талаш-тартыш деп айтылып келген маселелер боюнча өкмөт мүчөлөрү менен тил табыша алган эмес. Мыйзам долбоорунда баардыгы 47 берене болсо, анын жетөөсү боюнча дагы эле пикир келишпестик бар. Комитеттин төрагасы Абсамат Масалиев мыйзам долбоорун беренелер боюнча карап, талаш-тартыш маселелерди парламент өзү чечүүсүн суранды.

- Өкмөт 2-3 берене боюнча, алар конституцияга ылайык келбегенине карабай, өзүнүн мурда алып келген вариантынан тайбай туруп жатат, - деди Абсамат Масалиев.

Талаш-тартыш маселердин бири - өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тартиби. Өкмөт өзү даярдаган вариантта өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште бекитилип жатканда бир тизме менен киргизилип, депутаттар алардын бардыгына жалпы бир эле добуш бериши керек деп эсептейт. Анда “Президент 3 жолу тизме киргизип, 3 жолу тең парламент макул болбосо, ал кризис деп эсептелип, Жогорку Кеңеш таркатылат” деген жобо бар. Депутаттар буга караманча каршы.

- Мисалы, азыр Кыргызстанда 16 министрлик болсо, 16сына бирдей добуш бересиңер деп айтып жатышат. Тизме боюнча кабыл алуу таптакыр туура эмес. Ар бир министрдин жеке өзүнө баа берип, жекече өзүн талкуулоо менен, жекече өзүнүн программасын угуу менен, ар бир министр-талапкердин көз карашына жана ой пикирине жараша добуш берүү керек – дейт Адахан Мадумаров.

- Мындай пикирди башка депутаттар да, анын ичинде төрага Абдыганы Эркебаев да колдойт.
- Жалгыз өтпөгөн өкмөт мүчөсүнүн иштешке моралдык акысы жок. Баары тең жеке өз алдынча өтүшү керек тең,- деди Абдыганы Эркебаев талкууга кошулуп.

Парламент менен өкмөттүн пикири ача чыгып жаткан маселелердин дагы бири өкмөткө Жогорку Кеңеш тарабынан ишеним көрсөтпөө билдирүү тартибине байланыштуу маселе. Өкмөттүн долбоорунда “ишеним көрсөтпөө маселеси депутаттардын 2/3 добушу менен чечилет” деп жазылган. Депутаттар буга каршы эмес. Ал эми ишеним көрсөтпөө тууралуу маселени канча депутат көтөрүп чыга алат дегенде, өкмөт даярдаган долбоордо “депутаттардын жарымынан көбү” деп жазылган. Депутат Мадумаров бул үчүн депутаттардын 1/5 добуш эле жетиштүү деген ойдо.

- Долбоордо жазып коюшуптур, депутаттардын жалпы санынын теңинен көбү демилге көтөрүп чыга алат деп. Эгерде депутаттар мындай добуш берсе, өкмөттүн иштөөгө моралдык укугу жок. Анын саясий банкроттукка учурагандыгы. Парламенттин теңинен көбү менен бекитилип жаткандан кийин, өкмөткө ишеним көрсөтпөө процедурасы жеңилирээк болуш керек. Мен 1/5 менен эле отставкага кетсин деп жаткан жокмун. 1/5 бөлүгүнө демилге көтөрүп, күн тартибине киргизүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек, - дейт Адахан Мадумаров.

Өкмөт болсо бул чекти азайтуу өкмөттүн стабилдүү иштешине мүмкүнчүлүк бербейт дейт.
- Депутаттардын 1/5 бөлүгү ушу маселени карайлы десе эле, карай берсе… Андай болсо саясий оюн түгөнбөйт да. 5-6 депутат чогулуп алып, өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтөлү, өкмөттү титиретип коёлу дей берсе... Бул олуттуулук эмес, - деди Курманбек Осмонов. Депутаттар бул маселелер боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Алар өтпөгөн беренелерди кийинкиге калтырып, өткөндөрүн кабыл алып жатышат. Дүйшөмбү күнү алар мыйзамдын 11 беренесин карап, 8ин гана кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG