Индиянын премьер-министри Атал Бехари Важпайи бүгүн Бээжинде Кытай президенти Ху Цзинтао менен кездешет.
Важпайи кечээ премьер-министр Вэнь Цзябао менен кездешип, эки өлкө ортосундагы мамилени жакшыртууга багытталган келишимге кол коюшкан. Келишим эки өлкө ортосундагы виза режимин, айыл чарба жана билим берүү тармагындагы алмашууну жеңилдетет.
Гималай тоосундагы 3,5 миң чакырымдык чек аранын такталбаганы жана 1998-жылы Индиянын атомдук бомбаны сыноосу эки ортодогу мамиленин жакшыруусуна бөгөт болуп келет.
Важпайи 1993-жылдан бери Кытайга келген индиялык биринчи жетекчи.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган Амирбек Азам уулу, Прага