Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Президент Жорж Буш: Террорчуларга өлкөдөн сырт жакта сокку урулат


АКШ президенти Жорж Буш бүгүн Кемп-Дэвидде Пакистандын президенти Первез Мушарраф менен кездешет.
Ак Үйдүн маалымдашынча, эки лидердин сүйлөшүүсүндө эл аралык терроризмге каршы күрөшүү маселеси талкууланат.
Президент Буштун өкүлү Ари Флейшердин айтышынча, Мушарраф террорчулукка каршы чечкиндүү күрөшкөн лидер.

Жорж Буш дүйшөмбү күнү Вашингтондо кабарчылар менен болгон кездешүүдө, террористтерге АКШдан сырт жактарда сокку уруу саясатын дагы кайталады:

- Биздин өлкөгө болгон коркунучтарды алыстатуунун эң жакшы, абдан түз жолу - аны өз булагында жок кылуу. Муну Кошмо Штаттары жасоодо... Америка Кошмо Штаттарына жана биздин жарандарга зыян келтирчү бардык террорчуларга каршы айoосуз аракеттенебиз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG