Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

Тажикстанда болгон референдумду Вашингтон сындады


Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти Тажикстандын конституциясына өзгөртүү жана түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча жекшемби күнү өткөн референдумга карата тынчсыздануу билдирди.
Мамдепартаменттин өкүлү Филип Рикер дүйшөмбү күнкү брифингде референдумга мындай деп баа берди:

- Конституция боюнча Тажикстанда болгон референдум эл аралык стандарттарга жооп бериш керек. Тилекке каршы, өткөн жуманын аягында болгон референдум эл аралык стандарттарга ылайык өтпөдү. Биз тажик өкмөтүн ар дайым шайлоону эркин жана адилет өткөрүп, өз жетектөөсүн жана саясатын текшерип көрүүгө чакырабыз.

Референдум аркылуу конституцияга киргизилүүчү түзөтүү-өзгөртүүлөр президент Рахмоновго 2020-жылга чейин бийликте калууга мүмкүндүк берет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG