Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

ИЗРАИЛ КАЛКАНЧ ТИЛКЕ ТҮЗГҮСҮ КЕЛЕБИ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Дүйшөмбүдө, 23-июнь күнү Израил менен Палестин өкүлдөрү жөөт аскерлерин палестин жерлеринен чыгарып кетүү жана ал чөлкөмдөрдө коопсуздукту кепилдөө маселелерин талкуулашты. Израилдик бийликтер палестин коопсуздук күчтөрү аталган чөлкөмдөрдү бир нече күндүн ичинде толук көзөмөлгө алышы күтүлүп жаткандыгын билдиришти.

Израилдин басып алынган чөлкөмдөрдөгү аракеттеринин башкы координатору генерал-майор Амос Гилад менен палестин автономиясынын коопсуздук күчтөрүнүн башчысы Мухаммед Дахландын ортосундагы жолугушууда дурус маанай өкүм сүрүп, бул жагдай эки ортодогу талаштуу маселелердин түйүнү чечиле баштагансыганын билдирет. Израил жетекчилиги жөөт аскерлери чыгарылып кетип жаткан жерлерде бир нече күндүн ичинде палестин коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлү орнотула турганын айтса, палестиндердин туткундардын иши боюнча министри Хишам Абдул Разек эки ортодогу сүйлөшүүлөр жакын арада алгылыктуу натыйжаларга алып келет деп үмүттөнүп турганын билдирди. Автономиянын Элдик Фронт аттуу согушкер тобу палестиндердин "укуктук таламдарын талашкан каршылык көрсөтүүсүн" жана ок атышууну токтотуп жатканын дүйшөмбү күнкү коммюникесинде жарыялады.

Учурда палестин премъер-министри Махмуд Аббас “Хамас” жоочулар тобуна кысым көрсөтүп, ок атышууну токтотуу сунушун кабылдоосун талап кылып жатат. Азырынча, бул топ сунушка өз макулдугун бере элек. Топтун жетекчилеринин бири Абдул Азиз Рантиси Израил аскерлеринин согушкерлерге каршы аскердик рейддери басылганда гана ок атышууну токтотууга макул болоорун айтууда.

Бул жерден “Хамас” тобу жөнүндө учкай сөз кыла кетели. “Хамас” тобу 1987-жылы Палестинаны Боштондукка Чыгаруу Уюму "Палестинаны куралдуу күрөш менен гана бошотуу мүмкүн” деген көз караштан баш тартып, "согушкерлерден обочологондо" пайда болгон. Топ Палестин жеринде жөөт мамлекетин жок кылып, Иордан дарыясынын батыш жээги менен Газа тилкесинде палестин мусулман мамлекетин түзүүнү көздөйт.

Бирок “Хамастын” алгачкы кол салуулары жөөт согушкери мечитке намазга келген 30 чакты палестинди автомат менен кырып салганга чейин анчейин олуттуу болгон эмес. 1994-жылы Хеброндо орун алган ошол кандуу окуядан кийин гана уюм жөөттөргө чабуулдарын күчөтүп, израилдиктерди өлтүрүү үчүн жан кечти террорчуларын жибере баштаган. Интифада башталган 2000-жылдан бери топтун террордук аракеттери кыйла күч алды.

Израил аскерлеринин согушкер палестиндерге каршы рейддери тынчтык сүйлөшүүлөрүнө карабастан уланууда. Өткөн түнү жөөт аскерлери батыш жээктеги Наблуска кирип, шектүү палестиндерди издеп, шаарды үймө-үй тинтип чыгышты. Эки ортодо ок атышуу болгондугу маалымдалат, бирок жарат алгандар жөнүндө кабарланбайт. Шейшембиде эртең менен Израилдин маалымат булактары Наблус жана Хеброн деген шаарчаларында 130дай шектүү палестин камакка алынгандыгын билдиришти.

Ошону менен бирге израилдик аскерлер мыйзамсыз курулган жөөт кыштактарын жок кылууну улантып жатышат. Израилдин өкмөтү андай мыйзамсыз кыштактардын так санын билдирбейт. Бирок көз карандысыз булактар азыр ал кыштактардын саны 103кө бара тургандыгын айтышат. Тургундары көчүрүлүп, ээн калган турак жайлар ичиндеги оокат-тирик, эмеректери менен кошо сүрүлүп ташталууда. Ошол эле маалда андан бир-эки чакырым жерлерде бульдозерлер жаңы турак жайлардын курулушу менен алек болуп жатканы маалымдалды.

Үйлөрүнөн күчкө салып көчүрүлгөн жөөт көчмөндөрдүн кыйласы Палестинаны ата-бабадан мурас калган жер деп эсептешет. Андыктан байкоочулардын бир бөлүгү жөөт кыштактарын жойуу жараяны узакка создугуп кете тургандыгын айтышса, экинчи бирөөлөрү бул жараян менен Израил жаңы жөөт кыштактарынын курулушуна кайра шыкакчы болуп жатканын белгилешет. Андай жаңы анклав кыштактардын пайда болуусуна жол койуу менен жөөт жетекчилиги аларды Израил менен болочок Палестин мамлекетинин ортосундагы калканч тилке катары пайдаланууну көздөп жатат деген жоромол айтылууда.
XS
SM
MD
LG