Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

ЭРКИН БАСЫЛМАЛАР ҮЧҮН ЭРКИН БАСМА ҮЙҮ АБА МЕНЕН СУУДАЙ ЗАРЫЛ БОЛУП ТУРАТ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстанда эркин басылмаларга жасалган ар кандай тоскоолдуктардын башкы себебин айрым байкоочулар өлкөдө Эркин басма үйүнүн жоктугунан көрүшсө, айрымдары соттун көз карандылыгы менен байланыштырат. Үчүнчү бир тарап, аны эркин басылмалардын чабалдыгынан, аша чапмайлыгынан көрүшөт. Ал эми бир жылдан бери сөз болуп келген Эл аралык эркин басмакананын ишке кириши тууралуу да соңку кезде ар кандай пикирлер айтылып келет.

Эч кимге көз каранды болбогон Эркин басма үйүнүн зарылдыгы тууралуу маселе өлкөдө көптөн бери коюлуп келет. Айрыкча эркин басылмалар ар кандай шылтоонун негизинде «Учкун» концернинен басылбай калган учурда бул маселе курч коюла калат да, андан соң унутула түшөт. Андай басма үйүн куруунун милдетин эл аралык «Фриидом Хауз» уюму өз мойнуна алып, АКШ бийлиги тарабынан атайын акча каралганына бир жыл болду. Бирок, басма үйүнүн ачылышы улам кетенчиктеген сайын эркин басма сөз өкүлдөрү тынчсызданып келатышат. Ага «Журналисттер» бирикмесинин төрагасы Кубан Мамбеталиев да кошулат:

- Бул долбоор былтыр апрель айында башталган. Мына бир жылдан ашты. Долбоорду «Фриидом хауз» деген уюм аткаруу милдетин алган. Ошондо Майк Стоун деген чет өлкөлүк менежер кошо келип, ушул күнгө чейин долбоордун үстүндө иштеп жатат, директор катары. Бир жылдан бери имарат табыла элек. Керектүү эмеректер Кыргызстанга алынып келелек. Иши кылып, басмакана ишке киргизиле элек. Алардын планы боюнча басма үйү былтыр декабрь айында ишке киргизилмек. Андан соң «апрелде ишке кирет» дешти. Апрелде сураганда «октябрда» дешти. Эми ага чейин ишке киреби-жокпу, андан мен күмөн санайм. Себеби, бул долбоор башынан туура эмес жолго түшүп алган. Эгерде бул долбоор ишке ашса, көз карандысыз басмакана болгондо эркин гезиттердин абалы кичине башкача болмок. Тилекке каршы, ал иштебей жатат.

Басма үйүнүн ишке киргизилбей жатышын «Учкун» концернинин президенти Каныбек Иманалиев анын артында кызыккан ишкерлер жоктугунан, гезит басуу иши пайда алып келе турган тармак эмес экендигинен көрөт:

- «Фриидом хауздун» бул жакка алып келе жаткан басмаканасы - өндүрүш, бизнес кызыкчылыгынан улам эмес, саясый кызыкчылыкты көздөгөн долбоор деп эсептейм. Алардын өкүлдөрү менен жолуккан учурда «эгер чындап Кыргызстандын гезит өндүрүшүн көтөрөм десеңер, мына имараттын 40% бош турат, ошого жайгашкыла, мен эч тоскоол болбойм, чогуу иштешели» десем макул болбой коюшту. Анан келечекте бул бизди банкротко алып келе турган же өзүн банкрот кыла турган долбоор да. Эмне үчүн эки жылдан бери айтылып, жылбай атат? Себеби, анын артында жеке сектор жок. Эгерде ушул басма үйүн 1 млн. 200 миң долларга сатып алып иштете турган болсо, жумшаган каражатты акташ үчүн кеминде 60-80 жыл керек.

Эркин басма үйүнүн жоктугунан улам Бишкектен чыгуучу гезиттердин дээрлик көпчүлүгү «Учкун» басма комплексинен басылат. Ал жерде басыла турган гезиттер көздөн кечирилип, айрым редакторлордун ырастоосуна караганда, атайын көзөмөлдөн өткөрүлөт. «Эгерде бул долбоор көпкө созулбай ишке киргизилгенде, биз ошондой артыкбаш машакаттардан арылат элек», - дейт «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова:

- Бизди «Учкун» баспай, кээде киргизбей, анан окуп чыгып, ар кандай шылтоолорду айтып, кармап, созуп, басуудан баш тартат. Жаңы басма үйдө андай болбойт деп ишенем. Бирок сот гезиттин басылышына тыюу салган өкүмүн чыгарса, анда эч ким сот чечимин аткарбай кое албайт. Ошондуктан тиешелүү мыйзамдарды оңдоп, ири өлчөмдөгү акча төлөөгө мажбур кылбагандай, банкротко алып келбегендей беренелер менен толукталса, жакшы болот эле.

Мындан тышкары, Замира Сыдыкова басма үйүнүн ишке киргизилишине кыргыз бийлиги ар кандай тоскоолдуктарды коюп келгенин кошумчалады. Кыскасы, бийликтин тоскоолдугубу, же эркин басылма өкүлдөрү ич ара бир ымалага келе албагандыгыбы, же долбоор жетекчилеринин ыкшоолугубу, айтор Бишкекте ачылчу Эркин басма үйү өз убагында ишке киргизилбей, улам артка жылдырылып келатканы айныксыз факт.
XS
SM
MD
LG