Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Ошто А. Акаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын берүү демилгеси жанданды


ОШ. Алардын башында «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын түштүк региону боюнча лидери Аманбай Сатыбаев турат. Партиянын Ош облустук бөлүмүндө атайын штаб түзүлүп, президент Аскар Акаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын берүүнү сунуш кылуу боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат. Учурда 12 миңден ашык адамдын колу чогултулду. Алай, Өзгөн райондорунун айрым тургундары, Кыргызстан жаштар партиясынын, «Жаңы кыймыл» партиясынын, Аялдар конгрессинин Ош облустук бөлүмүнүн өкүлдөрү бул сунушту колдоп, кайрылуу да кабыл алышкан. Бул маселени кароо боюнча Жогорку Кеңештин эки палатасына тең атайын даярдалган кат жиберилди.

XS
SM
MD
LG