ЖАЛАЛАБАД. Сузак районунун Порду, Кыржол, Маркай, Жапын жана Сай айылдарына каттоочу жол 22-июндан бери жабык турат. Жолдун Ташакур участкасындагы төрт бөлүгүн 22-июнда жааган катуу жаандан улам тоодон түшкөн жер көчкү тосуп калган. Кырсык болгон жердеги материалдык чыгымдын өлчөмүн облустун өзгөчө кырдаалдар штабынын адистери эсептешүүдө. Тазалоо жумушуна облустагы № 22-жол курулуш ишканасынын техникасы тартыла турган болду. Райондун Курманбек айыл өкмөтүндөгү Сарыбулак айылында да көчкү жүрдү. Андан эч ким жабыркаган жок.