Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:18

Жарандык коом «тегерек үстөлдү» 3-июлда өткөрө турган болду


БИШКЕК. 3-июлда Бишкекте «Өнөктөштүктүн жана бейкуттуктун он принциби» аттуу «тегерек үстөл» талкуусу өтөөрү болжолдонууда. Аны Демократиялык өнүгүү фонду, Адам укуктарын жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча бюро, «Республика» партиясы, Кыргызстан укук коргоо кыймылы, «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы, «Лица» гезити түзгөн демилгелүү топ уюштурууда. Демилгелүү топтун мүчөсү Төлөкан Исмаилованын бүгүнкү маалыматына караганда, «тегерек үстөлгө» жарандык коомдун, саясий партиялардын, маалымат каражаттарынын жана бийликтин 10дон өкүлдөрү чакырылат. Талкууга сөз эркиндиги, чынчыл, эркин шайлоо, айкын башкаруу өңдүү 10 маселе коюлуп, «Моя столица - новости», «Кыргыз ордо» гезиттерине, Феликс Куловдун эркиндигине байланышкан проблемалар көтөрүлөт. «Тегерек үстөл» президенттик администрациянын колдоосу менен 12-июлда өтмөкчү болгон «Өнөктөштүк форумуна» өз сунуштарын берет.

XS
SM
MD
LG