Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Өкмөт парламенттен тыныгуу сурады


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүнкү отурумунда «Кыргыз өкмөтү тууралуу» мыйзам долбоорундагы премьер-министрдин укуктарына байланышкан маселе боюнча бир пикирге келген жок. Мурунку күнү өкмөт курамын тизмелик тартипте чогуусу менен бекитүү тууралуу берене да колдоо тапкан эмес. Депутаттар парламенттик талкууну күзгө калтырууну сунуш кылышты. Бирок, долбоорду коргоп жаткан биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов эки күнгө тыныгуу сурап, канааттандырарлык жооп алды.
Премьер-министрдин укуктары боюнча азыр депутаттар арасында көп сунуштар айтылууда. Палата келерки аптадан баштап жайкы эс алууга чыгаары күтүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG