Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00
БИШКЕК. Бүгүн Өкмөт Үйүндө президент Аскар Акаевдин катышуусу менен ишкер аялдардын I эл аралык форуму өз ишин аяктады. Форум өкмөт алдындагы Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын демилгеси менен уюштурулуп, анын ишине Кыргызстандагы жана Борбор Азия, Балтика мамлекеттеринен келген ишкер аялдар катышты. Жыйында сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы ишкер аялдарды колдоо менен өкмөт эки проблеманы чечүүгө мүмкүнчүлүк алаарын: биринчиден, экономиканы көтөрүүгө, экинчиден, эркектер менен аялдардын ортосундагы тең укуктуулукту сактоого жетишсе болоорун белгиледи. Форумда аялдар жогорку кызмат орундарына өтө аз дайындалаары, кыргыз парламентинде алардын саны 6% гана түзөөрү айтылып, эркектер менен тең катар бийликке аялдарды да тартуу керектиги белгиленди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG