Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Эл өкүлдөр жыйынынын кезектеги сессиясы башталды


БИШКЕК. Бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын XVI сессиясы өз ишин баштады. Сессиянын күн тартибине 62 маселе киргизилген. Алардын катарында Улуттук Банктын 2002-жылда аткарган иштеринин отчету, кыргыз өкмөтү менен Агахан фондунун, эмгек мигранттары боюнча Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзамдар бар. Мындан тышкары, «Кыргызалтын» акционердик коому менен «Кумтөр оперейтинг компани» ишканасынын ортосундагы Башкы макулдашуунун так аткарылышын текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси талкууланат. Сессиянын күн тартибине өкмөттүк саат да киргизилген. Анын алкагында коомдук коопсуздукту камсыздоого, табигый кырсыктардын алдын алууга байланышкан маселелер каралат. Бүгүн палата электр энергиясынын тарифтери боюнча талкууну баштады.

XS
SM
MD
LG