Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:54

Израиль Батыш Жээкте 130 палестиналыкты камакка алды


Израилдин армиясы Наблус жана Хеброн шаарларындагы тинтүүдө 130тан ашык киши кармалганын маалымдады. Армия “Хамас” уюумунун мүчөлөрүн жана анын колдоочуларын издешкенин бышыктады.
Ал эми палестиналык өкмөттүн министри Ясир Абед Раббо Ройтерс aгенттигине "бул операция тынчтык процессин бир карыш алга жылдырбоо максаты менен жүргүзүлдү" деп айтты.
"Хамастын" жол башчысы Абдул Азиз Рантиси бүгүн анын уюму куугунтуктоо токтобосо, анда Израил менен элдешүү тууралуу сөз кылууга болбой тургандыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG