Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

КЫРГЫЗСТАНГА КОЛЛЕКТИВДҮҮ КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН БАШ КАТЧЫСЫ КЕЛДИ


Сапар Орозбаков, Бишкек Бишкекке Коллективдүү коопсуздук кеңешинин баш катчысы Николай Бордюжа келди. Ал Тышкы иштер жана Коргоо министрликтеринин, Улуттук коопсуздук кызматынын жооптуу адамдары менен жолугушуу өткөрүп, шейшемби күнү президент Аскар Акаев менен Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун жакынкы убакка белгиленген иш планын талкуулады.

Николай Бордюжа Бишкекке ишемби күнү келген. Ал тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева, коргоо министринин орун басары, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Алик Мамыркулов жана Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов менен жолугушуп, сүйлөшүүлѳрдү өткөргөн. Шейшембиде ал президент Аскар Акаевдин кабыл алуусунда болду.

- Менин бул келишимдин максаты – уюмду түзүү процедурасы бүткөндөн кийин жүргүзүлчү иштердин багыты жөнүндө Коллективдүү коопсуздук кеңешинин мүчөсү болгон Кыргызстандын президентине маалымат берүү, - деди Николай Бордюжа.

Ал өз сөзүндө кызматташтыктын практикалык жагына көп басым жасады. Анткени Коллективдик Коопсуздук Келишимине мурда КМШга кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгү кол коюп, бирок практика жүзүндө иш жакшы жүргөн эмес. Келишимди узартуу маселеси чыкканда, ага 6 гана мамлекет макул болгон. Ошол 6 мамлекет, уюмдун быйыл апрелде Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн сессиясында анын ишин кескин жакшыртууну макулдашышкан. Николай Бордюжа уюмдун ишин жакшыртыш үчүн 3 багыт белгиленгенин айтты. Алар - Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн тышкы саясий ишмердүүлүгүн координациялоо, конкреттүү абалга жараша алардын аскердик кызматташтыгын өнүктүрүү жана уюмга кирген өлкөлөргө жалпы коркунуч туудурган конкреттүү маселелер боюнча практикалык иштерди жүргүзүү. Николай Бордюжа Бишкекке жөн эле кеңеш куруш үчүн эмес, конкреттүү сунуштар менен келгенин айтты:

- Мен өзүмдүн иш сапарымды Тажикстандан баштадым. Анткени азыр кезек боюнча Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун төрагасы - Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов. Ошондуктан албетте, мен Кеңештин баш катчысы катары аны менен жолугуп, бизди кызыктырган маселелер жөнүндө ага маалымат беришим керек болчу. Андан кийин Аскар Акаевич менен жолуктум. Ал мен айткан сунуштарды туура көрүп жактырды.

Бирок ал “башка президенттер менен макулдаша элекмин” деп, ал сунуштар тууралуу конкреттүү эч нерсе айткан жок. Уюмдун Дүйшөмбүдѳ өткөн сессиясында Борбор Азияда тез аракеттенүүчү күчтөрдү түзүү маселеси көтөрүлгөн. “Ал Кыргызстандын Кант шаарынын жанындагы авиабазага жайгаштырылат” деген сөз болгон. Николай Бордюжа “Канттагы авиабазаны Орусия каржылайбы?” деген суроого мындай деп жооп узатты:

- Менин оюмча бул суроого Орусия менен Кыргызстан тиешелүү келишимге кол коюшкандан кийин толук жооп берсе болот. Принцибинде бул маселе чечилип жатат. Эгерде ал эки тарапка баш ийип, аны Кыргызстандын да, Орусиянын да аскердик аба күчтөрү пайдаланышса, бир схема болот. Эгерде ал жалаң гана Орусиянын базасы болсо, башка схема болот. Мен азыр чечилип бүтө элек иш тууралуу алдын-ала айткым келбейт.

Бордюжа бул тууралуу сүйлөшүүлөрдү бүтүрүш үчүн бүгүн Орусиянын офицерлеринин жана генералдарынын чоң тобу келгенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG