Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:25

МУСУЛМАН АЯЛДАР ӨЗДӨРҮНӨ ЖАККАН КИЙИМ ҮЧҮН КАРМАШКА ДАЯР


Бүбүкан Досалиева, Прага Паранжы кийүү ислам динин туткан аялдардын бир милдети болсо да, аны мусулман өлкөлөрүндөгү бардык аялдар кие беришпейт. Аны мажбурлап кийгизүү өткөн кылымдын 80-жылдарында Ирандагы ислам көңтөрүшүнөн кийин күч алган. Азыр Батыштын өнүккөн өлкөлөрүндө жашаган мусулман аялдар арасында паранжыны сөзсүз кийүү керек деген аракет күч алды. Бул өз кезегинде ага каршы көз караштарды жаратууда.

Мусулман динин туткан өспүрүм кыздардын мектептерде паранжы кийүүсүнө Францияда жергиликтүү калк жана өкмөт каршы болууда. Өкмөт өкүлдөрүнүн айтымында, көздү гана ачык калтырган паранжы окуучу кыздын же студенттин жакшы билим алуусуна тоскоолдук кылып, башка окуучулардын да аң-сезимине жагымсыз таасир берет.

Ал эми мусулман кыздар “чачын, буту-колун бирөөгө көрсөтпөй жүрүү - Алланын талабы” дешип, аны так аткарууга далбасташат. Мындай аракет Улуу Британиядагы, Америкадагы жаш мусулман аялдардын арасында да күч алууда. Алар мусулман аялдар адатта кийчү кара, жашыл же ак түстөгү паранжыларды эмес, ар түрдүү түстөгүлөрүн “мода чыгарып” кийип жатышат. Бирок, алар паранжыны “шайтанга азгырылбоонун бир тосмосу” катары кабылдашууда.

Албетте, Иран, Афганистан, Ирак жана Пакистандагы аялдардын көбү бул динге негизделген салттуу кийимге каршы. Алардын көбү уруксаат берилсе же коомдо ага карата көз караш бир аз өзгөрсө, үстүлөрүнөн паранжыны дароо сыйрып салууга даяр. Маселен, Ирандык айымдардын бир далайы 1979-жылы өлкөдө ислам ыңкылабы болгондон кийин аскерлердин уруп-сабоосунун, мазактоосунун жана түрмөлөргө тыгып, бирөөгө көрүнүп калган буту-колдорун майып кылышкандан кийин аргасыз көнүшкөн.

Бул көңтөрүштөн кийин кандай динди тутканына карабастан Иранда жашаган аялдардын бардыгы баш-аягына чейин созулган кара түстөгү узун көйнөктү кийип, көзүн гана ачкан кара жоолук салынып жүрүүгө милдеттүү болушкан эле. Мындай буйрукка каршы болгон аялдардын бир тобу өз каалоосу менен кийим кийүү боштондугу үчүн да жан таслим болушкан. Ал тургай кийинки эле 1994-жылы балдардын психиатры Нома Дараби аттуу аял Тегерандын борбордук аянтына чыгып, аялдардын паранжы кийүүсүнө, үйдө бала төрөп, оокат кылуучу жан катары гана жашоосуна каршылык көрсөткөн акциясынан майнап чыгара алган эмес.

Азыр деле Алжирдеги аялдар, айрыкча, университеттерде окуган студенттер паранжыны тытып салууга даяр. Бирок, мусулмандардын эскичил диниятчылары аялдардын мындай аракетине каршы чыгып, улам-улам талапты катуулатууда. Өткөн май айында эле Ирандын бийлиги даяр көйнөк сатуучу дүкөндөр менен кийим тигүүчү ишканаларга көрсөтмө жолдоп, анда исламдын талабына каршы келген көйнөктөрдү сатыктан алууну талап кылган. Полиция тил укпаган дүкөнчүлөрдү текшерип, адеп полициясы болсо паранжы кийбеген аялдардын ресторан, дүкөндөргө кирүүсүнө тыюу салууда. Мындай иш-аракет 1997-жылы эскичилдер өз душманы санаган Мохаммад Хатами президенттикке шайлангандан кийин аялдардын өз укуктарын коргоо жана ачык жүрүүгө убакыт жетти деген талаптары ачык айтыла баштаган соң ого бетер күчөдү.

Борбор Азиядагы айрым аялдардын паранжы кийүүсүнө СССР кулагандан кийин идеологиялык боштуктан пайдаланып, ислам динин жайылтууга аракеттенген уюмдардын таасири тийди. Ал тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы Сажида Мирзо айым мындай дейт:

- Мурда совет доорунда паранжыны Тажикстандын түштүк райондорундагы аялдар кийишчү. Азыр түндүк райондордо жана Дүйшөмбүдө да кийгендери байкала баштады. Буга албетте, ислам динин жайылтууга далалаттанган күчтөрдүн таасири тийди. Исламчылар дароо эле аялдар паранжы менен ыштан кийишсин деп талап кылышпадыбы. Алардын оюнча, аялдар паранжы кийсе үй-бүлөдө исламдын таасирин тез жайылтуу проблемасы чечилет имиш. Бирок, коом азыр муну жактырган жери жок. Колдогондорго караганда, жактырбай жаткандар арбын. Анткени, алар паранжыны дин тутуу эркиндигин далилдөө үчүн эмес исламчыл адамдардын мажбурлоосу менен кийүүдө. Анын үстүнө, тажик аялдар мурда кийчү ар кандай түстөгү паранжыларды эмес, ирандыктар кийгендей кара, күрөң түстөгү паранжыларды кийип жатышат.

Ал эми байкоочулардын баамында, өнүккөн Батыш өлкөлөрдөгү мусулман аялдардын паранжы кийүү аракетинин күч алышына жалгыз бир себеп түрткү берди. Ал 11-сентябрда, АКШдагы террактан кийин ислам динин туткандарга ишенбөөчүлүккө каршы нааразылык билдирүү.
XS
SM
MD
LG