Линктер

бейшемби, 19-январь, 2017 Бишкек убактысы 13:13

Россиялык аскерлердин Чеченстандагы жоготуулары дагы 8 адамга өстү


Москвачыл Чечен өкмөтүнүн билдиришинче, акыркы 24 саатта Чеченстанда россиялык сегиз аскер жана чечен полицайы өлтүрүлгөн.
Белгисиз калууну каалаган ырасмий адамдын айтышынча, россиялык аскерлер борбор шаар Грозныйда жана түштүктөгү Ведено районундагы күтүүсүз чабуул учурундагы аткылашууда курман болушкан.
Ырасмий маалыматтар боюнча, шейшемби күнү россиялык учактар Ведено районундагы, артиллерия Ведено, Итим-Кале жана Курчалой райондорундагы эрегишчилердин өңүттөрүн аткылады.

Таңкы жаңылыктар түрмөгүн Амирбек Азам уулу даярдады, Прага.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG