Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Социологиялык сурамжылоо саясатчылардын салмагын иликтеди


БИШКЕК. «Социнформбюро» социологиялык кызматы Кыргызстандагы саясатчылардын таасирдүүлүгү жана келечектүүлүгү жагынан рейтингин аныктоо максатында июнь айында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгын бүгүн жарыялады. Сурамжылоого 50 эксперт тартылган. Алардын баасына ылайык, 17,2 балл алуу менен президент Аскар Акаев 40 саясатчыдан турган тизмени баштаса, экинчи орунга вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев чыккан. Андан ары алган баллына жараша Майрам Акаева, Курманбек Бакиев, Турсунбай Бакир уулу, Накен Касиев, Мисир Ашыркулов, Улан Сарбанов, Абдыганы Эркебаев, Адахан Мадумаров жана Чолпон Баекова алдыңкы он саясатчынын катарына киришкен. Ал эми премьер-министр Николай Танаев он сегизинчи, Феликс Кулов отуз экинчи орунду ээлеген. Сурамжылоо бир нече категория боюнча жүргүзүлгөн. Алардын ичинен коомдук-саясий турмушка тийгизген таасиринин сапаты боюнча президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков 72 балл, президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Темирбек Акматалиев 69 балл, президенттин жубайы Майрам Акаева 66 балл алып, алдыңкы орундарды ээлешкен.

XS
SM
MD
LG