Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетине аудиторлор келишти


БИШКЕК. Бүгүн Голландиянын «Хивос» уюмунан аудиторлор келип, Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин каржылык ишмердүүлүгүн текшере башташты. Бул тууралуу комитеттин кызматкери Дөөлөт Нусупов билдирди. Анын айтымында, аудиторлор комитеттин финансылык документтерин канча күн текшеришээри, анын жыйынтыгы кандай болоору белгисиз.
Аудитордук текшерүү жүргүзүүнү комитеттин мурдагы мүчөлөрү Рыскелди Момбеков, Качкын Булатов жана Болот Тыналиев донорлордон талап кылышкан. Алар Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев тарабынан финансылык тартип бузууларга орун берилгендигин айтып, билдирүү жасашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG