Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:59

Оппозициялык кыймыл экс-президенттин укуктарын колдобойт


БИШКЕК. III элдик курултайдын экинчи этабы июль айынын биринчи он күнүндө Өзгөн же Каракулжа районунун борборунда, же Ташкөмүр шаарында өтүшү күтүлөт. Бул тууралуу «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын штабынын бүгүн Бишкекте өткөн кезектеги отурумунда маалымдалды. Отурумда кыймыл иштеп чыккан «Кыргызстанды социалдык-экономикалык жана саясий жактан өнүктүрүүнүн концепциясынын» долбоору талкууланып, жактырылды. Концепциянын долбоору күтүлүп жаткан курултайда талкууланып, кабыл алынышы керек. Кыймыл штабынын ушул эле отуруму 8 депутат иштеп чыккан «Кыргыз Республикасынын президентинин кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзам долбооруна кайчы билдирүү кабыл алды. Бул мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнѳ караганда, долбоор президенттин жана экс-президенттин макамдарын камтыган үч бөлүктөн турат жана ал палатанын талкуусуна эртең коюлат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG