Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Бишкекте эмгек миграциясынын маселесин Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Орусиянын өкүлдөрү талкуулашууда


БИШКЕК. Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Орусиянын расмий өкүлдөрү региондо күчөп бараткан миграциялык агымга байланышкан проблемаларды талкуулап жатышат. Кечээ башталган бул иш-чараны Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросу менен Эл аралык миграция уюму уюштурган. Ал үч күнгө созулат. Жолугушууда эмгек мигранттарынын укуктарын камсыздоонун жолдору талкууланып, ага ЕККУнун Алматыдагы, Дүйшөмбүдөгү миссиялары да катышууда. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин башчысы Зафар Хакимовдун билдирүүсүнө караганда, жолугушуунун соңунда атайын сунуштар кабыл алынат. Анын айтымында, акыркы мезгилде Орусияда жана Казакстанда эмгек мигранттарына байланыштуу кабыл алынган ички эрежелер кыргызстандык эмгек мигранттарынын жабыр тартышын шарттап келатат.

XS
SM
MD
LG