Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:44

Чолпонатада Евразия Экономикалык Шериктештигинин алкагындагы энергетика кызматташтыгынын маселеси талкууланып жатат


БИШКЕК. Бүгүн Чолпоната шаарында Евразия Экономикалык Шериктештигине мүчө мамлекеттердин электр энергетика тармагындагы карым-катышын талкуулаган илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Аны кыргыз өкмөтү менен ЕврАзЭСтин Экономикалык саясат боюнча кеңеши уюштурду. Чолпонатадагы конференцияга ЕврАзЭСтин баш катчысы Григорий Рапота, Орусиянын энергетика министринин орун басары, уюмдун Энергетика саясаты боюнча кеңешинин башчысы Геннадий Устюжанин, Казакстандын энергетика жана минералдык ресурстар министринин орун басары Бирлик Оразбаев, Беларустун «Белэлектро» ишканасынын вице-президенти Павел Якубович катышып жатышат. Жыйында бирдиктүү энергетика рыногун, кош жардам берүү системасын түзүү, транзиттик каттамдардын жагдайын аныктоо, Тажикстанда жана Кыргызстанда ГЭСтерди куруу өңдүү маселелер талкууланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG