Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

Премьер-министр Николай Танаев Ирандан келди


БИШКЕК. Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаевдин Иран Ислам Республикасындагы расмий иш сапары кечээ аяктап, кечээги түнү кыргыз делегациясы Бишкекке кайтып келди. Николай Танаев Тегеранда Иран президенти Мухаммед Хатами баш болгон расмий жетекчилер менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Кыргыз тарап азыр жылына 40 млн. доллар болгон эки тараптуу соода көлөмүн 200 млн. долларга жеткирүүнү сунуш кылып, Иран тараптын колдоосун алган. Эки мамлекет Тегеран менен Мешхедде Кыргызстандын, Бишкек менен Ошто - Ирандын соода борборлорун ачууну, электр энергиясы жана мунай менен соодалашууну, аба каттамдарын ачууну көздөп жатышат. Кыргыз тарап Иранга электр энергиясын сатып, 1 млн. тоннадан 5 млн. тоннага чейин чийки мунайзат алууну көздөйт. Андан тышкары, Иран тарап Кыргызстандын курулуш жана өнөр жай тармагына 10 млн. доллар кредит бөлүүгө даярдыгын билдирген. Премьер-министрдин иш сапарында эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосунда бир катар документтерге кол коюлган. Алар - кармалган кылмышкерлерди бири-бирине өткөрүп берүү, кош салыкка жол бербөө тууралуу макулдашуулар жана Иран тарап бөлгөн 1 млн. доллар грантка байланыштуу меморандум. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG