Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:05

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: «ГЕЗИТ БАСУУ САЯСАТЫНДА ЭЧ КАНДАЙ ЦЕНЗУРА ЖОК»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстанда гезит басуу саясатындагы айрым оош-кыйыштар тууралуу көп эле сөз болуп келет. Эл аралык «Фриидом Хауз» уюмунун ырастоосуна караганда, 2003-жылы Кыргызстан эркин эмес өлкөлөрдүн катарын толуктаган. Өлкөдө негизги басылмалар «Учкун» концернинде басылат. «Айрым гезиттердин басылбай калышы, алардын мазмундук жагына көзөмөл кылуу сыяктуу маселелерге «Учкун» аралашат» деген пикирлер да коомчулукта өкүм сүрүп келет. Алардын чын-төгүнү канчалык? Аны «Учкун» концернинин президенти, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Каныбек Иманалиев айтып берет.

- Каныбек мырза, алгач «Учкун» концерни тууралуу кыскача маалымат бере кетсеңиз?

- «Учкун» концерни мурунку Компартиянын басмаканасы болчу. Бүт Кыргызстандагы гезит, журналдарды басып чыгарууга ылайыкташтырылган. Кийин 1992-жылы мамлекеттик концерн болуп, анан 1996-жылы акционердик коом болуп уюшулган. Мисалы, былтыркы жылдын башында 340ка жакын адам иштесе, азыр 400дөн ашуун адам эмгектенет. Негизинен биз рынокко ыңгайлашып, мурун ишкана гезит басууга гана ылайыкташып курулган болсо, биз азыр катуу мукаба менен жылына жарым миллион тираждагы окуу куралдарын басууга жетиштик. Ошол эле учурда өзүбүздүн басма технологиябызды жаңылап, быйыл 641 млн. еврого 4 түс менен басуу мүмкүнчүлүгү бар машинаны Германиядан алганы жатабыз. Мындай машина Кыргызстанда жок.

- «Концернди кошуна Казакстандын айрым бир бизнесмендери менчиктеп алыптыр» деген сөз тарап кетти эле. Мунун чындыгы канчалык?

- Бул 100% калп. Юстиция министрлигине же Мамлекеттик мүлк фондуна чалып тактасаңар да болот. 77% акция мамлекетте, 8% Социалдык фонддо, 3% «Ошинвестте», калганы - өтө майда акциялар - аукциондо сатылган. Анын ичинен 5% бул жерде иштеген жамааттын мүчөлөрүнө бекер берилген.

- Каныбек мырза, эми басма саясатына келсек, бүгүнкү күндө кыргыз гезиттерин баскан – жападан-жалгыз «Учкун» концерни. Ал Кыргызстанда гезит басуу тармагында канчалык деңгээлде монополия укугуна ээ?

- Мамлекет жыл сайын монополист-ишканалардын тизмесин бекитет. Биз чынында эле ошонун ичиндебиз. Эгер гезиттердин саны боюнча айтканда, Жалалабад, Ош типографияларында эле 30га жакын гезит басылат. «Эркин тоо», «Пирамида», «Кант» типографиялары да баш-аягы болуп 30дай гезитти басып келет. Кыргызстанда жылына 23 миллион гезит басылса, ошонун 10 миллиону - «Вечерний Бишкек» гезити. Бир эле «Вечерний Бишкек» гезитин бассак, ошондо эле биз монополист болуп калат экенбиз. Калган гезиттердин баары биригип араң 10 миллион тиражды түзөт. Калган 3 миллиону майда типографияларда басылат. Ошондуктан биз монополисттердин тизмесиндебиз. Биз ошол мыйзамга ылайык 30%дан ашык рентабилдүүлүктү же кирешелүүлүктү жогорулатпашыбыз керек. Иш жүзүндө гезит басуудан биз 7%дан 13%га чейин гана киреше табабыз.

- Кыргызстанда жаңыдан басмаканалар пайда болду, мисалы, Кыргыз–Түрк университетинин басмаканасы. Ал жерде да «Учкунга» караганда мыкты, башка түстөр менен гезит басканга мүмкүнчүлүк бар экен. «Бирок ага «Учкун» уруксат бербейт, «Учкундун» алдында атайын милдеттенмеси бар» дейт. Бул чынбы?

- Биздин бөлөк ишканаларды лицензиялоого, же сертификат берүүгѳ укугубуз жок. Биз деле ошолор сыяктуу, тескерисинче, тендер болгондо алар менен чогуу катышабыз. Алар биздин иш жүзүндөгү атаандашыбыз. Азыр рынок учуру. Эгерде мүмкүнчүлүгү болсо ал ага карабай эле баса берет. Бул сөз кайдан чыкканын билбейм, алар азыр китеп, этикетка, башка иш кагаздарын басып иштеп атышат. Бул боюнча так маалыматым жок экен, мен ал ишканаларды көрө элекмин.

- Ошентсе дагы «Учкун» концернине ар кандай сын пикирлер айтыла калып жүрөт, «айрым бир гезиттерди басаарда «Учкун» цензуралык милдетти да аткарат» деп. Айрыкча «Республика», «Кыргыз ордо», «Моя столица» гезиттерине жасалган мамиледен улам ушундай пикирлер айтылып кетет. Ошол тууралуу да айта кетсеңиз.

- Биз бир гана процесске катышабыз. Гезиттер өздөрүнүн тасмага түшүрүлгөн вариантын алып келишет. Биз ошол тасманы карабай туруп, түз эле басып жиберсек, сапатсыз гезит чыгат. Кээ бир гезиттерди биз кайра жиберебиз. Цензура деп салыштырып атышпайбы, ошолор макул болсо, «сапатын карабай эле баса бергиле» десе, биз ага да макулбуз. Биздин мастер мазмунун карабайт, ашып кетсе 30 секунд убакыт кетет. Кээде кайра жиберебиз, ошондой окуя «Аалам» гезити менен болгон. Күн сайын эртең менен ишибиз кечээги чыккан гезиттердин сапатын талкуулоо менен башталат.

- Каныбек мырза, Александр Ким «жакында «Моя столицаны» жаңыдан басып жаткан мезгилде, тактап айтканда 3 даана гезит басылган учурда «Учкун» концерни токтотуп койду, ошондой эле азыр «Адвокат» гезитин чыгарбай атат» деп доомат коюп атат. Ушуга карата сиздин жообуңуз?

- Ал «Учкун» концернине эмес, сотторго доомат коюп атса керек. Кечээги «Республика» гезитине чыккан «Моя столицанын» кайрылуусун окудум. Мыйзамга ылайык гезиттин басылышын анын ээси же сот гана токтото алат. Биздин колубузда соттун эки чечими бар. Булар 3-4 юридикалык тарап менен, инсандар менен соттошуп, сотто жеңилип калып, анан соттун чечимин аткаруу жобосуна ылайык алар белгиленген мөөнөттө айыппулду төлөшү керек экен. Алар төлөгөн эмес. Андай учурда сот аткаруучу ошону талап кылып, төлөтүүгө мажбур болот. Гезитти биз чыгарганда сот аткаруучулар ага арест коюп, ушул күнгө чейин биздин складда жабылып турат. Бизден чыккандан кийин алар арест кылышкан. Алардын укугу бар ошого. Мурдагы жылы да ушундай болгон. Бирок алар ошол сумманы төлөп бергенден кийин, сот арестти жокко чыгарат. Жокко чыгарып, анан кайра биз гезитти чыгара баштаганбыз.

- Дагы бир маселе чыгып атат. «Азыр «Фриидом хауздун» басма үйүнүн Кыргызстандагы ишинин кечеңдешине «Учкун» концерни тоскоол болууда, ал монополист болгон үчүн, өз кызыкчылыгына доо кетпесин деп, ушул себептен кечеңдетүүдө» деген пикирлер бар. Буга карата сиздин оюңуз кандай?

- Мен 3 жүйө келтирейин. Биринчиден, бир эле Жибек жолу көчөсүндө 15 типография бар. Бишкекте 60тан ашык типография бар. Эмне үчүн ошонун баары китеп, этикетка басканга өттү да, гезит басканга өткөн жок? Себеби, гезит баса турган машина өтө кымбат турат, 1 млн. доллардан ашык. Ал эми гезиттен түшкөн киреше өтө эле аз. Бул кирешелүү тармак эмес. Орто Азия боюнча ушундай. Казакстанда жылына ондон ашык типография ачылат, бирок гезит баскандардан бир-экөө эле пайда болду. Биз 1992-жылга чейин күнүнө 2 млн. даана гезит басчубуз. Азыр жылына 20 млн. араң басабыз. Демек, «Фриидом хауздун» бул жакка алып келүүчү басма үйү - бизнес, өндүрүш кызыкчылыгын эмес, саясий кызыкчылыкты көздөгөн долбоор деп ойлойм. «Эгерде чын эле Кыргызстандын гезит өндүрүшүн көтөрөлү десеңер, бул жерде «Учкунда» имараттын 40% бош турат, ушул жерге жайгашыңыздар, мен эч тоскоол болбойм, кайра колдоп, чогуу иштешели», - десем, келишкен жок. Келечекте бул же бизди банкротко алып келе турган, же өзүн банкрот кыла турган долбоор. Эмне үчүн эки жылдан бери сөз болуп, иш жылбай келет? Себеби, алардын артында жеке сектор жок. Аны жеке бир ишкер адамдар 1 млн. 200 миң долларга сатып алганда, өзүн акташ үчүн кеминде 60-80 жыл керек. Орто Азияда бүт баары монополиянын колунда. Өзбекстандагы, Түркмѳнстандагы, Тажикстандагы басмаканалар мамлекеттин колунда. Казакстандын экономикасы, рыногу чоң, гезиттин тиражы көбөйүп, азыр ал жакта эки жеке менчик типография пайда болду.

- Бүт эле маселени саясатка оодаштырып ийдик окшойт. Эми Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата кандай жаңы китептер окурмандардын колуна тийет? Ушул жөнүндө да айтып берсеңиз.

- Бул окуя - жалпы мамлекеттик деңгээлдеги тарыхый, руханий окуя. Себеби, Кытай тарыхчысы Цыма Цяндын каты 2200 жыл мурун жазылган. Ошондо 5-6 элдин гана аты айтылып кетет: динлин, карлук, кыргыз жана башкалар. Ошонун бешөө жок болуп кетет да, кыргыз эле калган. Бул уникалдуу факт. Улуттук кайра жаралуу тарыхтан башталат. Президентибиздин «Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана элдик «Манас» эпосу» деген китеби бизден жарык көрдү. 15 миң даанадан ашык жарык көрүп, талаш-тартыш болуп кайра басып атабыз. Андан кийин быйыл эле тарых окуу китебинен төрттү бастык, 50-60 миң нуска менен. Азыркы учурда болсо биз кыргыздын биринчи башкаруучулары Барсбек хандан баштап Раззаковго чейин баарын портрет кылып чыгарып атабыз. Ошондой эле кыргыз тарыхынын хронологиясын чыгарып атабыз. Андан башка президенттин авторлугу менен жаңы окуу китебин басууга кириштик. Ал «Менин жүрөгүм аркылуу өткөн тарых» деп аталат, нускасы 70 миң. Анын 10 миң даанасын август айында басып бүтүп калабыз. Андан башка биз балдарга ылайыкталган, көркөм түстөгү, өтө арзан турган (бирөө ашып кетсе 10 сомдун тегерегинде болот) 5-6 жаңы китеп тартуулаганы турабыз.

- «Учкун» концернинин алдында чечилбеген кандай проблемалар бар?

- Проблемалар абдан көп. Бизде биринчи проблема - кадр маселеси. Мурда кадрлардын баары Москва, Ленинграддан даярдалып келчү. Орто Азияда бир да жогорку окуу жайы жок. Күчтүү кадр болсо, күчтүү өндүрүш болот. Экинчи маселе - өндүрүштү модернизациялоо. Эгерде жакынкы 5-6 жылда жаңыланбасак, бизде баары керектен чыгып калышы мүмкүн. Мен айтпадымбы, 604 миң еврого Германиядан машина алып атабыз. Ошол машинаны алалы десек биз бажыканага тѳлѳй турган алымды кошкондо 30% төлөшүбүз керек экен. Мен жаңы жумуш орун ачып атам, салыкты көбөйтүп атам, Кыргызстандын өндүрүшүнө 30 млн. сомго инвестиция алып келүүдөмүн. Ошол 30 млн. сомдук инвестицияны бул жакка алып келиш үчүн, мен болжол менен 10 млн. сомдой мамлекетке төлөшүм керек. Кайдан табам мен мындай акчаны? Ушул нерсе мени таң калтырат. Биз өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүбүз анча күчтүү мамлекет болбогондон кийин, тескерисинче, өндүрүштү колдой турган стимул беришибиз керек да.

- Мегиңиз үчүн чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG