Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

АКШнын өзөктүк жайларында коопсуздук чаралары күчөтүлөт


Өлкөнүн энергетика министри Спенсер Абрахамдын айтымында, тийиштүү мекемелерге өзөктүк лабораториялардагы коопсуздуктун абалын дагы бир сыйра кылдат кароодон өткөрүү жөнүндө буйрук берилди. Өткөн аптада жарыяланган маалыматтар боюнча, Кошмо Штаттардын атомдук лабораторияларынан жылына радиоактивдүү материалдардын уурдалганы боюнча 250 учур катталат. Ал заттар террорчулар тарабынан "булганыч бомбаларды" жасоодо колдонулушу мүмкүн. Өлкөнүн энергетика министрлиги бул үчүн сынга алынып жаткан.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG