Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Багдаддын электр кубатысыз калышы - атайлап жасалган иш, Иракты калыбына келтирүү боюнча эл аралык конференция октябрда өтөт


Ирактын америкалык администрациясынын башчысы Пол Бремердин айтымында, бул иштин артында Саддам Хусейндин режимине жан тарткандар турат. Багдддын басымдуу бөлүгү дүйшөмбү күндөн тартып электр жарыгысыз калган. Ал эми Иракты калыбына келтирүү боюнча октябрь айында өтүүчү эл аралык конференция БУУ, Европа Биримдиги, АКШ, Жапония жана Дүйнөлүк банк тарабынан уюштурулуп, анда өлкө экономикасын тикелөөнүн узак мөөнөткө эсептелген программасы талкууланат. Кечээ БУУда Ирак проблемасы боюнча 52 мамлекеттин өкүлдөрүнүн бейформал жолугушуусу болду. БУУ донорлорду Иракка быйыл гуманитардык жардам ирэтинде 260 миллон доллар ажыратууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG