Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

АЙЫМДАР КОЛДООГО МУКТАЖБЫ?


Өлкөнүн мыйзам чыгаруу бийлигинде ак жоолукчандардын катары суйдаң, кош палаталуу парламент депутаттарынын бешөө - зайыптардын атынан келген өкүлдөр. Алардын көбү парламентке партиялык тизме аркылуу шайланган. 25-июнда Бишкекте шайлоо мыйзамдарынын гендердик өңүтүнө арналган «тегерек үстөл» жыйынында мына ушул талылуу маселе жайында кеп болду.

Жаңыланган Конституция антип партиялык тизме аркылуу парламенттик шайлоону токтотуп, кош палатанын ордуна 75 депутаттан турган парламентти түзүү талабын койгондон бери, өлкөдөгү мыйзамдардын текши баарына өзгөрүүлөр, алымча-кошумчалар киргизиле баштады. Шайлоо кодексине алымча-кошумчаларды киргизүү амалында ушу тапта өкмөт менен парламент депутаттары биргелешип орток мыйзам долбоорун иштеп жатышат. Шайлоо кодексине киргизилчү алымча-кошумчалардын катарында айымдар башкаруу ишине тартуу, анын мыйзамдык негизин түзүү маселелери «тегерек үстөл» жыйынында талкууланды.

- Жыйында шайлоого катышуу, аялдардын тең укуктуулугун камсыз кылуу тууралуу кеңири сөз болуп атат, - дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев. - Эсиңиздерде болсо керек, социализм тушунда аялдар көп шайланчу, 20-30% жетчү. Тоталитардык системанын өзүнүн тартиби бар болчу, партиялык бюронун чечими боюнча, атаандашсыз бирөө гана шайланчу. Азыр аялдар чынында эле аз шайланып жатышат. Жогорку Кеңеште ар кандай жолдор менен шайланган 5 гана аял бар.

Жыйында аялдардын социалдык активдүүлүгүн көтөрүү, алардын эркектер менен теңата өкүлчүлүк бийлигине катышуусун камсыз кылуунун механизмдери тууралуу арбын кеп болду. Укуктук проблемалар фондунун президенти Нина Векуанын пикири боюнча, Кыргызстанда аялдардын укугун басмырлаган мыйзамдар жок. Анткен менен, алардын башкаруу ишине тартылышында бир топ олуттуу дегидей проблемалар бар. Сокулук районундагы «Рассвет» кошмо дыйкан чарбасынын жетекчиси Екатерина Быцконун пикиринде, депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү укугунун саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөткөндөргө гана берилиши парламентте аялдардын санынын азайышына алып келет. Парламент депутаты Ишенбай Кадырбеков депутаттар арасында аялдардын арбын болушу палатанын ишине жагымдуу таасир тийгизээрин, бирок шайлоонун мажоритардык системасы аялдардын өкүлчүлүк бийлигине келишине шарт түзүп бербей тургандыгын айтты.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын төрайымы Клара Ажыбекованын айтымында, гендердик проблема бар.

- Коом кандай өнүгүп жатканына жараша гендердик теңчилик болушу керек, - дейт ал. - Үй-бүлөдөгү тең укуктуулук мамлекетте да болушу керек. Анда аял-эркек экөө тең иштеши керек. Жогорку Кеңеште да аялдар тең болушу зарыл. Бирок, азыр андай эмес. Бүгүнкү күндө билими, тажрыйбасы жетиштүү аялдарды бийик кызматтарга көтөрүү аракети жок.

Айрым байкоочулардын пикиринде, кезектеги шайлоодо аялдардын парламентке арбын келиши күмөн. Ошондон улам аялдар теңчилиги, алардын бийлик бутактарынын бардык тепкичтеринде болушун камсыз кылуу тек сөз жүзүндө гана айтылчу изги тилек катары калышы толук мүмкүн. Сулайман Иманбаевдин айтымында, парламенттик шайлоо өз убагында өтөт.

- Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратуу тууралуу ой жок, - дейт ал. - Мен Жогорку Кеңештеги депутаттар, президенттик администрация, президенттин өзү менен сүйлөшкөм. Андай ой жок. Ошон үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы 2005-жылкы шайлоого гана даярдык көрүүдө. 2004-жылдын февралында жергиликтүү кеңештердин шайлоосун өткөрөбүз. Андан мурун Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүүгө даярдык көргөнүбүз жок.

XS
SM
MD
LG