Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

«АКАЕВДИ КЫЗМАТТАН КЕТИРҮҮ, ЭЛ ҮЧҮН РЕФОРМА ЖАСОО» КЫЙМЫЛЫ МАМЛЕКЕТТИ ӨНҮКТҮРҮҮ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН ДОЛБООРУН ЖАКТЫРДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек 25-июнда «А.Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын штабы кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда кыймыл тарабынан иштелип чыккан, Кыргызстанда саясий жана социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүү боюнча концепциянын долбоору жактырылды.

«А. Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын штабынын бул күнкү жыйынына «Асаба» улуттук кайра жаралуу, “Эркин Кыргызстан”, Кыргызстан коммунисттер, «Эркиндик», «Республика» партияларынын жетекчилери катышты. Алар өлкөдө саясий, социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүнүн концепциясынын долбоорун негизинен жактырышты. Бул концепциянын иштелип чыгышы боюнча кыймылдын мүчөсү, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алевтина Проненко мындай деди:

- Мындай концепциянын иштелип чыгышынын себеби - бүгүнкү күндө калктын негизги бөлүгү жүргүзүлүп жаткан реформаларга, менчиктештирүүнүн жүрүшүнө нааразы. Бул реформалар экономикалык жылыштарга эмес, жакырчылыкка алып келди. Элдин негизги бөлүгү азыр жакырчылыкта жашап жатат. Реформалардын баары бир ууч адамдардын кызыкчылыгы үчүн эмес, жалпы калк үчүн жүргүзүлүшү керек.

Концепциянын долбоорунда президент А. Акаевдин жетекчилигинде жүргүзүлгөн реформалар өлкөнүн экономикасынын кескин начарлашына алып келгендиги, өлкөнүн байлыгы бир ууч адамдардын колунда топтолгондугу, калктын негизги бөлүгү жакыр турмушта жашап жаткандыгы жана өлкө азыр өзүнүн тышкы карыздарын төлөөгө жөндөмсүз болуп калгандыгы белгиленген.

Кыймылга кирген «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев концепцияга байланыштуу мындай пикирин айтты:

- Биздин кыймылдын максаты - Кыргызстанды кандайча туура, адилеттүү, демократиялык өнүгүү жолуна коюу керек? Кыргызстанды канткенде бүгүнкү оор абалдан алып чыгууга болот? Ошону үчүн биз ушул концепцияны сунуш кылып жатабыз.

Долбоордо Кыргызстанда парламенттик башкарууга өтүү, парламенттик шайлоого пропорционалдык системаны киргизүү, облустарды жойуп, райондорду ирилештирүү, мыйзам бузууларга жол бербеген жаңы шайлоо системасын түзүү, жарандардын орто билим алуу жана медициналык тез жардам алуу боюнча конституциялык укуктарын камсыздоо сыңары иш-чаралар белгиленген. Кыргызстанда саясий, социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүү боюнча концепциянын долбоору эми калкка таратылып, талкууга коюлмакчы.

- Азыр бийликке эл ишенбей калды. Акыркы жылдары өкмөт тарабынан 5-6 программа кабыл алынды, бирок эч кандай натыйжа берген жок. Биздин саясий, экономикалык өзгөрүүлөргө багытталган аракеттерибиз болсо конкреттүү кадамдар менен коштолуп жатат. Менин оюмча, биз сунуштаган концепция эл тарабынан колдоого алынат. Буга биздин ишеничибиз чоң, - деди Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асанов.

Кыймыл тарабынан иштелип чыккан концепция июль айынын биринчи жарымында өтмөкчү болгон III элдик курултайда кабыл алынышы күтүлөт. Бул күнү кыймыл Мыйзам чыгаруу жыйынынын кароосуна сунушталган «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишинин кепилдиги жөнүндөгү» мыйзам долбооруна байланыштуу билдирүү да кабыл алды. Анда кыймыл Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарын бул мыйзам долбоорун колдобоого үндөдү.

XS
SM
MD
LG