Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:00

ЧОЛПОНАТАДА ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА АРНАЛГАН ЖЫЙЫН ӨТҮҮДӨ


Чолпоната шаарында 24-июнь күнү башталган, эмгек миграциясы боюнча эл аралык семинар 25-июнда да өз ишин улантты. Анын ишине Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун мүчөлөрү болгон Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышууда. 26-июнда аяктай турган семинардын катышуучулары эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча документ кабыл алышы күтүлөт.

Семинарда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна мүчө Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү эмгек мигранттарынын укуктарын жөнгө салган мыйзамдарды эл аралык нормаларга туура келтирип, карама-каршы келген беренелерин тактап, бири-бирине дал келтирүүнү максат кылышууда. Ал тууралуу семинарга катышып жаткан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин миграциялык кызмат департаментинин жетекчиси Зафар Хакимов телефон аркылуу «Азаттыкка» буларды айтты:

- Бул семинарда карала турган негизги маселе - коңшулаш мамлекеттердеги эмгек миграциясынын маселесин жөнгө салуу, «бир мамлекеттен экинчи мамлекетке барып иштейм» деген адамдарга шарт түзүп берүү. Аларга байланыштуу маселелерди мыйзамдуу жол менен чечүнүн жолдорун издейбиз, бул семинарда.

Зафар Хакимовдун айтымында, семинардын катышуучулары эмгек миграциясын жөнгө салуудагы көйгөйлөр боюнча пикир алышкандан кийин, 26-июнь күнү жыйынтоочу документ кабыл алышат.

- Эртең кечинде документке кол коёбуз. Ал семинар иштеп чыккан сунуш-кеңештерден турат. Ушул семинарга катышкан миграцияга тиешеси бар консулдук кызмат болобу, миграция полициясы болобу, айтор жыйын кабыл алган сунуштарды аткарууга милдеттүү болушат. Өз мамлекетине барганда алардын аткарылышы боюнча иштерди башташат. Жыйынга катышкан мамлекеттердин миграциялык мыйзамдарын бири-бирине жакын келтирип, чет элдик мигранттардын эмгектенишин жөнгө салышыбыз керек, - деди Зафар Хакимов.

Аталган постсоветтик мамлекеттерде эмгек мигранттарынын укуктарынын сакталышына, чек арадан мыйзамдуу өтүшүнө жана мыйзамдуу иштешине байланышкан, далай убакыттан бери чечилбей келаткан көйгөйлөр көп. Акыркы мисал катары, быйыл 6-июнда Алматы шаарынын ички иштер кызматы тарабынан 140тан ашуун кыргызстандык, тажикстандык, өзбекстандык эмгек мигранттарынын Кант шаарына күч менен сүрүлүп чыкканын айтсак болот. Чолпоната шаарында өтүп жаткан жыйындын катышуучулары эмгек мигранттарын минтип күч колдонуу менен өлкө аймагынан сүрүп чыгарууну тиешелүү эл аралык конвенцияларга туура келбеген жорук катары баалашты.

Бирок кыргыз парламентинин депутаты Адахан Мадумаров: «Мамлекет тарабынан тийиштүү иштер аткарылбай жатканы менен, негизинен күнөө башка мамлекеттин аймагына жумушка баратканда өз милдеттерин билип, аларды так сактабаган жарандарда», - дейт.

- Мен казактардын мындай жолго баргандыгын айыптай албайм. Себеби, алар мамлекетинин коопсуздугу үчүн күрөшүп атышат. Эки мамлекет ортосунда түзүлгөн келишимде бир топ жагдайлар каралган. Ага ылайык, биздин жарандар Казакстанда убактылуу иштеп атышкан болсо, алар сөзсүз түрдө каттоодон өтүшү керек. Күнөөнү биринчи кезекте кыргыздын жарандарына койгум келет. Бул багытта иш жүргүзбөгөн кыргыз өкмөтүнө доомат койгубуз келет, - деди Адахан Мадумаров.

Казакстан миграциялык саясатты тартипке салып, 2003-жылдын 1-июлунан тартып миграциялык күбөлүк киргизгени турат. Казак бийлиги июнь айынын башында «Мигрант» деген иш-чара өткөрүп, анын алкагында Казакстанда мыйзамсыз жашап-иштеп жүрүшкөн чет элдиктерди өз аймагынан чыгарып салды. Бирок Казакстандын күч органдарынын зомбулугуна мыйзамдуу иштеп жаткан эмгек мигранттары да туш болушту. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин миграциялык кызмат департаментинин башкы адиси Василий Кравцов «казак бийлигинин 6-июндагы жоругу эл аралык бир катар конвенцияларга туура келбейт» деген пикирде.

Ошол эле учурда Кыргызстан да өз аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан чет элдик мигранттарды тартипке келтирүүгө аракет кылууда. Баткен облусунун аймагына күн сайын 500 чакты эмгек мигранттары Тажикстандан жана Өзбекстандан келип, иштеп кетип турушат. Өткөн аптада Баткен облусунун жетекчилиги алардын ишин мыйзамдаштырып, каттоого алууга аракет көрө баштады. Василий Кравцовдун айтымында, бул иштер өкмөттүн 2001-жылдын 12-октябрындагы токтомуна жараша ишке ашууда.

- Биздин мыйзамдар боюнча, Кыргызстандын аймагында иш жүргүзгөн чет элдик жарандар Миграция кызматынан уруксат алууга тийиш. Чындыгында эле Өзбекстандын, Тажикстандын өтө көп жарандары Баткен облусунун аймагында мыйзамсыз иштеп жатышат, - дейт Василий Кравцов.
XS
SM
MD
LG