Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

ИНДИЯ-КЫТАЙ: АЗИЯЛЫК ЭКИ ЭҢГЕЗЕР ЭЛДЕШКИСИ КЕЛЕТ


Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпаинин Кытайдагы ырасмий визити өтө үзүрлүү болду: тараптар жоон топ документке кол коюшту. Сүйлөшүүлөр учурунда Индия Кытайдын Тибеттеги суверенитетин ырасмий деңгээлде ырастады. Буга жооп кылып,ырасмий Пекин Делинин Сикким штаты менен чек арасын ачканга макул болду. Байкоочулар жетишилген келишимдер дүйнөлүк калктын үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү жашаган бул эки өлкөнүн өз ара алакасындагы чиеленген түйүндөрдү жандырганга жол ачат деп эсептешет.

“Чоң канааттануу менен моюнга алышым керек: Кытай лидерлери менен өткөргөн жолугушууларым эң мыкты натыйжаларды берди”, - деп айтты Атал Бихари Важпаи өзү Пекиндеги сүйлөшүүлөр аяктаган соң. Эки тараптуу кызматташтыкты бардык тармактарда өнүктүрүү боюнча азыркы багыт, Важпаинин сөздөрүнө ылайык,ортодогу айрымачылыктарды тең укуктуу алакаларга айлантканга жол ачат. Мунун өзү келечекте тараптардын ортосундагы каскактарды жоюп, кызматташтыкты илгерилетет, деп ишенет Важпаи.

Индиялык премьердин бу сөздөрүн байкоочулар да ырасташты. Пекин менен Делинин ортосундагы соода-экономикалык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын жанданышы жалпы мамилелердин аңытына таасир тийгизбей койбойт. Бу жагынан индиялык премьер азыркы сүйлөшүүлөрдүн башкы темасын арканды алыс ыргыткан тарыйкага салып тандап алды. Өткөн жылы эки өлкөнүн соода-сатыгы дээрлик 70 процентке өсүп, беш миллиард долларга жетти. Алдыдагы эки жылда ал дагы эки эсеге көбөйгөнү жатат. Кытай Индияга жарым миллиард доллар инвестиция жумшайт. Өз учурунда Индиянын Кытайда дээрлик 200 миллион доллар суммадагы инвестициялык долбоору ишке ашырылып жатат. Кол коюлган документтерде ошондой эле маданият, энергетика, илим жана техника тармактарындагы кызматташтыктарга да чоң маани берилди.

Атал Бихари Важпаинин бул жолку визити саясий жүйөөдөн алганда, байкоочулардын баасында, тарыхый мааниге ээ болду. Эмнеге дегенде соңку он жылдан бери эки өлкө өз ара өкмөттүк деңгээлде эч кандай карым-катнаш жасашкан эмес. Буга өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарындагы чек арадагы жаңжалдан калган саясий салакалар себепчи болгон. Мындан тышкары Тибет, Кашмир проблемасы да эки тараптын арасын алыстаткан олуттуу факторго айланган. Тибеттин көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп жүргөн Далай-лама Индияга барып баш калкалаган, аны менен бирге индустардын жеринде азыр миңдеген тибет качкындары жашашат. Мындай колдоону Кытай бийликтери ырасмий Делинин кастык санаасы катары кабыл алган.

Индиялык премьер кытай жерине түшөрү менен эле Пекинге “тынчтык,достук жана жакшы коңшулук санаа менен келгенин” билдирди. Кийин премьер Вэн Цзябао менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр маалында, андан соң атайын документте Важпаи Кытайдын Тибеттеги юрисдикциясын тастыктады. Буга чейин Делиде Тибетти болгону автономдуу район катары гана карап келишкен. Пекин болсо буга жооп кылып Индиянын Сикким штаты менен чек арасын ачып, соода-сатыкты активдештиргенге убада берди. Муну менен Пекин аталган штатты эми мурдагыдай талаштуу аймак катары карагандан баш тарткандыгын ишаара кылгансыды. Бирок Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү штаттын проблемасы бир отурганда эле чечилип калбай тургандыгын кошумчалады.

Ошентсе да ортодогу бир катар кычыктуу, айрыкча чек ара маселелери визит маалында кеңири сөз болгон жок. Бу чөйрөдө тараптар 80-жылдардан бери бир канча курдай сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, алиге чейин орток тил таба албай келишет. Алардын ичинен Кашмир маселеси да жалпы жонунан гана сөз болду. Важпаи региондо террордук акциялар токтобой жаткандыгына камтамачылыгын билдирди, Вэн болсо Кашмир проблемасы “адилет,акыл-эстүү жана өз ара алгылыктуу негизде чечилишин” жактай тургандыгын белгиледи.

Кашмирдин тең жарымын азыр Индия башкарат,дагы үчтөн бир бөлүгү Пакистан контролдойт, калганы Кытайдын амирине карайт. Чек арадагы талаштуу райондордо өз ара ишенимди бекемдөө боюнча Индия менен Кытай 90-жылдардан бери кеп кылып, бирок эч кандай конкретүү кадамдарды жасай элек болчу. Эми тараптар бул талаштарды чечүү жолдорун издегени өздөрүнүн атайын өкүлдөрүн дайындашты. Эксперттер ортодо олуттуу талаштар калганына карабастан азиялык эки эңгезердин – Кытай менен Индиянын - өз ара кызматташтыкты чыңдоого астейдил ниетин ырасташканы региондогу коопсуздуктун түбүн бир кыйла бекемдеп койгонсуду дешет. Ал эми алыскы перспективада эки өлкөнүн жакындашуусу жалпы дүйнөдөгү кырдаалга да таасирин тийгизери калетсиз.
XS
SM
MD
LG