Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

ПУТИНДИН БРИТАНИЯДАГЫ САПАРЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Орусиянын президенти Владимир Путин Британияга мамлекеттик визитин улантып, 26-июнда премъер-министр Тони Блэр менен жолугушту. Эки лидердин көзмө-көз жолугушуусунун чордонунда согуштан кийинки Ирактагы абал болду. Андан тышкары тараптар инвестиция жана соода алакаларына байланышкан маселелерди талкуулашып, жолугушуунун соңунда орток меморандумга кол койушту.

Британ премьер-министри Тони Блэр менен Орусиянын президентинин көзмө көз жолугушуусунун чордонунда согуштан кийинки Ирактагы абал болду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ошондой эле эки ортодогу соода жана экономикалык алакалар талкууланып, Блэр менен Путин Орусия менен Европаны байланыштырган газ куурун салуу пландары жөнүндөгү меморандумга кол койушту.

Ирак согушу эки тараптын мамилесине жарака кетирген негизги проблема болуп кала берүүдө. Согушка башынан баштап эле каршы чыгып келаткан Орусия Ирактан кыргын салуучу куралдар табылбаганын белгилеп, АКШ баштаган коалицияны "Иракты куралсыздандырууну" өлкөгө согуш ачуу үчүн шылтоологон деп айыптап келатат. Шаршемби күнү Эдинбургда болгон президент Путин: "Орусия Ирак маселесиндеги көз карашын өзгөрткөн жок",- деп билдирди.
Бирок 26-июнда Тони Блэр Орусия менен Британиянын мамилелери Ирак боюнча келишпестиктерге карабастан мурда болуп көрбөгөндөй жакшы экенин билдирди:

- Эки өлкө Орусия Нато мамилелери, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны жана эл аралык террорчулукка каршы күрөшүү ишинде жигердүү кызматташып жатат.

Ал эми президент Путин болсо азыркы тапта Орусиянын негизги проблемасы - Орус экономикасын Европага интергациялоо экенин жана бул оңой эмес иште Британия Орусиянын ишенчиликтүү шериги болуп кала бере тургандыгын белгиледи.

Ирак маселесинен тышкары эки өлкө Ирандын өзөктүк программасы боюнча да ача пикирде. Британия Москванын Ирандын атомдук электростанцияларын курууга жардам берип жатканына жана бул тармактагы кызматташуусун токтотуудан баш тартып келатканына нааразы. Ошондой эле Британия Орусиянын козголоңчул Чеченстан менен согушта одоно укук бузууларга жол берип жатканына сын көз карашта. Бирок акыркы убакта Тони Блэр чечен маселесин Орусиянын алдында кабыргасынан койбогондугу үчүн ички оппоненттер тарабынан кескин сынга алынып, "президент Путинге жаны алы калбай жагалданууда" деген жемеге калып келатат.

Блэрдин сабырдуулук кылганынын артында бир топ жүйөөлүү себептер бар. Саясий байкоочулар Лондон менен Москва бул сүйлөшүүлөрдө орток мамилени оңдоо үчүн колдон келишинче аракеттенээрин айтып жатышат. Анткени мамиленин оңолушу эки ортодогу соода алакаларын өрчүтүүгө жана жаңы инвестиция долборлорунун кедергисиз ишке ашуусуна жагымдуу шарт түзөт.

Инвестиция маселеси эки лидердин 26-июн күнү эртең менен энергетика проблемасына арналган эл аралык конференцияда сүйлөгөн сөздөрүнүн борборунда болду. Конференцияда Британиянын эң ири “Бритиш Пэтролеум” мунай компаниясы Орусиянын ТНК мунай ишканасын сатып алгандыгы жөнүндөгү келишимге кол койулду. Ага ылайык, “Бритиш Пэтролеум” ТНКнын жарымын сатып алып, Орусиянын мунай өндүрүшүнө 6,3 миллиард евро инвестиция жасап, ТНК компаниясын Орусиянын үчүнчү эң ири мунай өндүрүүчү ишканасына айлантат.

Конференцияда, ошондой эле, Орусиядан Британияга Германиянын аймагы аркылуу газ алып өтүү долборунун майда - чүйдөсү талкууланууда. Орусиянын мунай жана газ өндүрүү тармагында белгилеген дымактуу долборлор ишке ашса, Британия Орусинын энергетика тармагындагы эң ири чет элдик инвестор болуп калат.
XS
SM
MD
LG