Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

ӨЗБЕКСТАНДЫН АЙТЫЛУУ ТҮРМӨСҮНДӨГҮ АЙЫПКЕРЛЕРДИН АЗАБЫ КҮЧ


Бүбүкан Досалиева, Прага Өзбекстандын Каракалпак автономиялуу республикасынын аймагында жайгашкан “барса келбес” деген даңазалуу түрмөдөгү айыпкерлердин абалы адам чыдагыс. Бул тууралуу ал жерге анда-санда бир барган журналисттер менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү айтып жүрүшөт.

“Барса келбес” түрмөсүнүн расмий аталышы -“Жаслык” . Ал Ташкенттен 1500 чакырым алыс турат. Түрмө 1999-жылы, Ташкентте өлкө президенти Ислам Каримовго кол салуудан кийин ачылган. Өзбекстандын жаза өтөөчү жайлары боюнча башкармалыгынын башчысы Михаил Гуревичтин айтымында, ал өлкөнүн түндүк аймагында соттолгондор жаза өтөө үчүн ачылган. Бирок, ал саясий көз караштары боюнча абакка салынган адамдар жата турган атайын түрмө катары атагы чыккан жана абактагылар ар дайым адамдын жүрөк үшүн алган кыйноого алынып, таяк менен мазактоонун үстүндө деген сөз эл арасында арбын айтылат. Ушундан улам ал жерге Өзбекстандын азыркы бийлик жетекчилеринин каарына калган же “Өзбекстандын ислам кыймылы”, “Хизб-ут-тахрир” жашыруун диний партиясынын өкүлү деген айып менен камалгандар туш болушат жана алар менен бирге жан кечти уурулар, каракчылар, киши өлтүргүчтөр жатышат. Алар түрмөгө кабарчылар же эл аралык уюмдардын өкүлдөрү барып калса кароолчулардын көзүнчө ооз ача алышпаганы менен, оңтою келе калса түрмөдө көргөн азап-тозоктору, уруп-сабоолор жана мазактоолор тууралуу айта салганга шашылышат.

“Ассошейтед пресс” агенттигинин кабарчысы Багила Бухарбаева түрмөгө барганда Өзбекстандын бийлигин кулатууну көздөгөн диниятчы деп айыпталып, түрмөгө камалган Акрам Икромов “Жаслык” түрмөсү мазактоо, кыйноо жана психикалык жактан басым көрсөтүүчү жайдын символу экендигин шыбырай салып, өзү 2000-жылы акыл-эсинен танганга чейин сабалганын жана жакынкы эле эки жылдын ичинде 20 адам кыйноодон каза болгондугун мисалга тарткан.

Ал эми түрмөдөгүлөр арасында “Мастер” деген атка конгон түрмө башчысы Аликхайдар Кулумбетов мындай маалыматты жокко чыгарып, айыпкерлер өз ажалдарынан же кенебестигинен майып болуп өлгөндүгүн айтат. Анан да “Булардын баары жексурлар. Аларды бир аз эле эркин койсоң, Өзбекстандын бардык жеринде башаламандык кылууга даяр” деп жекирет:

“Камактагыларга эч ким тийбейт. Алардын арасында бири-бирине тийишкендер бар жана бири-бирин коркуткандар бар. Эми бул жер санаторий эмес да, кылмыш кылып жаза алгандар отура турган жер. Тартип бузгандар жок эмес. Биз аларды дисциплинардык бөлмөгө беш-алтыдан камап, тартипке чакырып, иштейбиз. Аны каалагандардын баары барып көрсө болот. Ал эми уруп-сабоо, кыйноо деген бизде жок” –дейт түрмө башчысы Аликхайдар Кулумбетов.

Ал эми түрмөдөгүлөр өткөн жылы эле таяк менен кыйноодон үч адам каза болгонун, анын экөө- Музафар Авазов менен Кушнидин Олимовдун үй-бүлөлөрүнө бети-башы таанылгыс болуп сабалган жана өрттөлгөн сөөктөрү жеткирилгендигин жан безеп айтышууда. Өкмөттүн бул окуяны териштирген өкүлдөрү болсо кыйлмышкерлер бири-бири менен өз ара токмоктошкондон эле өлүшкөн деген жыйынтыкка келишкен.

Анан да түрмө суусу соолуп бараткан Арал деңизинен 90 чакырым гана алыс туруп, жайы-кышы туз учурган катуу шамалдын капшабында тургандыктан, ылай, туздуу суу ичип, кир, жагымсыз жыты каңылжаарды жарган жайдагы темир керебеттерде жылдап жаткан айыпкерлердин тагдырын ого бетер оордотот. Ушундан улам азыр “Жаслык” түрмөсүндө жаткан 538 адамдын канчасы түрмөнү дүйнө менен байланыштырып турган жалгыз жол менен үйүнө кайтаары эч кимге белгисиз.

Өзбекстандагы адам укуктарын коргоо уюмдарынын маалыматы боюнча, 1999-2001-жылдар ичинде саясий негиз менен 7 миң адам камакка алынган. Расмий бийлик алардын 3 миңи түрмөгө кесилген десе, адам укуктарын коргоо уюмдары 2002-жылы эле саясий көз карашы үчүн түрмөгө салынгандардын саны алты жарым миңге жеткендигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG