Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:04

Президенттин жана биринчи катчылардын кепилдиктери тууралуу мыйзамдар кабыл алынды


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү» жана «Кыргыз ССРинин айрым категориядагы партиялык жетекчилеринин кепилдиктери жөнүндөгү» эки мыйзамды талкуусуз кабыл алды. Долбоорлорду депутаттар Абдыганы Эркебаев, Ишенбай Кадырбеков, Өмүрбек Текебаев, Оксана Малеваная, Зайнидин Курманов, Кубатбек Байболов, Махмуд Күчүков, Марат Султанов иштеп чыгышкан.
«Президенттин ишинин кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзам беш бөлүмдөн туруп, анда президенттин ишмердүүлүгүнө, аны камсыздоого, экс-президентке жана биринчи экс-президентке тиешелүү кепилдиктер аныкталган. Ушул эле күнү «А.Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы бул мыйзамга каршы билдирүү таратты. Билдирүүдө «экс-президентке жана биринчи экс-президентке абсолюттук кол тийбестик берилиши негизсиз, өз кезинде жасаган оор мамлекеттик кылмыштары үчүн биринчи президент жооп бериши керек» деген мазмундагы пикир жазылган.
Депутаттар кабыл алган экинчи мыйзамга ылайык Кыргыз ССРинин тушундагы Компартиянын биринчи катчылары Турдакун Усубалиев менен Абсамат Масалиев автоунаа, турак-жай, дача, медициналык камкордук менен жабдылып, азыркы айлыгынын 75% өмүрүнүн акырына чейин сакталмак болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG