Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

САДДАМ ХУСЕЙНДИН ЖАРДАМЧЫСЫ БЕЛАРУС ПАСПОРТУ МЕНЕН КОЛГО ТҮШТҮ


Иракта Саддам Хусейндин жакын кеңешчиси беларус паспорттору менен колго түшкөндө, Беларустун тышкы иштер министрлиги бул тууралуу жазып чыккан британ гезитин катуу сынга алган эле. Бирок бул маалыматты азыр Кошмо Штаттары да бышыктап жатат. Британиялык гезиттин кабарчысы Патрик Кокбурн - Саддам Хусейндин режимин ичтен билген белгилүү эксперт. Ал «Азаттыкка» Ирактын мурдагы мартабалуу өкмөт өкүлдөрү Беларус аркылуу Украинага же Орусияга өтүп кетүүгө аракеттенип жаткан болушу мүмкүн деп билдирди.

Саддам Хусейндин баш кеңешчиси өзүнө жана Саддамдын башка кишилерине беларус паспортун алгандыгы тууралуу британ кабарчысынын кабарын АКШнын расмий өкүлдөрү ушул аптада бышыкташты. Ал өкүлдөргө шилтеме берип, 25-июнда "Нью-Йоркт Таймс" гезити Абид Хамид Махмуд ат-Тикрити өткөн аптада Иракта камакка алынганда, анын жанынан бир нече Беларус паспорту табылганын жазды.

Америкалык өкүлдөр паспорттордун качан же кайсы жерде берилгенин айтышкан жок, бирок Махмуд аларды Сириядан алып келди деп боолголошууда.

Беларустун тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы бул кабарды четке кагып, паспорттор жасалма болуш керек деп билдирди. Ошол эле убакта катчы Кошмо Штаттары суранса, Минск өкмөтү тергөө жүргүзүүгө даяр деди.

Өткөн аптада колго түшкөнгө чейин Махмуддун ысмы АКШ издөө салган 55 ирактыктын тизмесинде төртүнчү орунда турган. Махмуд америкалык тергөөчүлөргө Сирияда Саддам Хусейндин эки уулу Удай жана Кусай менен чогуу болгонун, АКШнын кысымы менен Сириянын өкмөтү аны өлкөдөн чыгарып жибергенин маалымдады. Махмуд ошондой эле Саддам Хусейнди ал акыркы жолу Багдадда 7-апрелде көргөнүн билдирди.

Беларус паспорттору тууралуу "Индепендент" гезитинде жазып чыккан Патрик Кокбурн «Азаттыкка» мындай маалыматты күрттөрдөн алганын, бирок паспортторду өз көзү менен көрбөгөнүн мындайча баяндады:

- Мен паспортторду өзүм көргөн жокмун. "Индепендентке" чыккан маалымат (Ирактагы Күрдистандын Демократиячыл партиясынын мүчөсү) Хошяр Зебариден алынган жана мен (анын анык экенине) ишенем. Күрдистандын Демократиячыл партиясы - Саддамды жана мурдагы Ирак өкмөтүнүн өкүлдөрүн издөөгө катышып келаткан уюм.

Кокбурндун мурда Саддам Хусейндин урук-туугандарынан алган интервьюларына адистер жогору баа беришкен. 1999-жылы ал бир тууганы менен "Жоктон бар болгон адам: Саддам Хусейндин кайра жаралышы" деген китеп жазган жана анда АКШнын Багдад саясатын катуу сынга алган.

Кокбурндун көз карашында, эгер тирүү экени чын болсо, Саддам Хусейн беларус паспорту менен алыска кете албайт, бул мүмкүнчүлүктөн анын урук-туугандары жана жакындары пайдаланууга умтулуп жаткан болушу мүмкүн. Кокбурн ошондой эле "Беларус өкмөтү Хусейнге башбаанек берип, Вашингтондун каарына калгысы келбейт, ошондуктан Хусейндин кишилери үчүн Беларус Украинага же Орусияга өткөөл өлкө гана болушу мүмкүн" деп эсептейт.

Беларустун Сириядагы элчиси Владимир Лапата-Захорски "Азаттыкка" Беларус паспортун Беларустун өзүнөн гана алууга болоорун билдирди. Ал эми өлкөнүн тышкы иштер министринин маалымат катчысы Андрей Савиных Кокбурндун макаласын "боло жүргөн гезиттик фальсификация" деп баалады:

- Мындай ойдон чыгарылган нерселердин чындык менен байланышы жок. Бул акыл-эске да сыйбайт. Макала баштан-аяк (ойлонуп чыгарылган).

Савиныхтын бул сөздөрүн уккандан кийин Кокбурн "Индепенденттеги" макалада Беларуска түздөн-түз кине коюлбаса да, Минскинин катуу нааразы болуп жатканына таң калганын жашырган жок.

XS
SM
MD
LG