Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:45

АЛМАТЫ-ЧОЛПОНАТА ТЕМИР ЖОЛУ КУРУЛАТ


Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышын, керемет Ысыккөлдү Батыш өлкөлөрүнө даңазалаган «Алматы-Ысыккөл» коммерциялык эмес фонду Швейцарияда катталып, жакшы демилгелерди көтөрүп чыкты. Бул жөрөлгөнүн башында Кыргызстан, Казакстан, Швейцария өлкөлөрү турат. Көл жергесиндеги туризмди өнүктүрүүнү максат кылып, Алматы-Чолпоната темир жолун курууну көздөгөн бул фонд Бишкекте журналисттер үчүн пресс-конференция өткөрдү.

Кыргызстандан бул фондду түзүүгө президенттин кеңешчиси Ташкул Керексизов, Казакстандан Алматы шаарынын мэри Виктор Храпунов демилгечи болсо, аны швейцариялык бизнесмен, Куруучулар ассоциациясынын төрагасы Роже Дубуи колдоого алды. Бул фондду түзүү менен Батыш өлкөлөрүнүн ишкер адамдары Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө салым кошушат деген тилек бар.

Келечекте Көл кылаасына дүйнөлүк деңгээлдеги эс алуу жайларынын курулушу толук ыктымал. Себеби, жаратылыш байлыгы арбын кыргыз жергесинде туризмди өнүктүрүүгө негиз бар экендигине көзү жеткен швейцариялык ишкер Роже мырза фондду уюштуруунун демилгечилердин бири болгон. Ал башкарган Куруучулар ассоциациясы Батыш өлкөлөрүндө эң ири туристтик комплекстерди, курулуш имараттарын жана темир жолдорду курган. «Алматы-Ысыккөл» фонду туризмди өнүктүрүнүн швейцариялык тажрыйбаларын колдонуу менен түрдүү иликтөөлөрдү жүргүзүп, келечектүү долбоорлорду иштеп чыгып, ишке ашырмакчы. Ал иштиктүү сунуштарды иликтеп көрүп, бул аймакты өнүктүрүүнүн глобалдык отчетун жарыялаганы турат. Мында канткенде Ысыккөлдүн айланасын жана ага коңшулаш аймактарды гүлдөтүп, өнүктүрүп-өстүрүүгө болоору кеңири баяндалмакчы.

Алыскы Швейцария гана эмес, коңшулаш Казакстан да Ысыккөлдө туризмдин өнүгүшүнө ынтызар. Алматынын мэри Виктор Храпуновдун айтымында, Ысыккөл Совет доорунда эле казакстандыктардын сүйүктүү эс алуу жайына айланган, эми ошол салтты улантып, көлдү ден-соолукту чыңдоонун чордонуна айлантууга алар да дилгир. Кийинки 2-3 жылдан бери Казакстандын ишкер адамдары Ысыккөлдө эс алып гана тим болбостон, алардын айрымдары көл жээгине туристтик базаларды салууга киришти. Ал эми «Алматы-Ысыккөл» фондунун демилгеси менен курулуучу Алматы-Чолпоната темир жолу тоо тешип курулса, 80 км. аралыкты гана түзөт. Бул темир жолду куруш үчүн 200 млн. доллар талап кылынат. Каражат маселеси чечилсе, бул темир жолду 2-3 жылда ишке берүүгө болоорун адистер айтышууда. Эгерде бул демилге ишке ашып калса, «кыргыз деңизи» туризмдин ордосуна айланмакчы. Ошондой эле ал Ысыккөлгө башка чет өлкөлүк ишкерлердин инвестицияларын тартып келүүгө өбөлгө болмокчу.

Швейцариялык ишкер Роже Дубуинин айтымында, туризм гана Ысыккөлдү дүйнөгө таанытып, анын гүлдөшүнүн кепили боло алат. Эл аралык Туризм Уюмунун билдиргенине караганда, туризм бизнеси кирешелүү делген автомобиль куруу жана химия өнөр жайын артка калтырды. Бул тармак өнүгүп-өсүү жолунда кеңири кулач жайып баратат. Ошондуктан Ысыккөлдүн жаратылыш тартуулаган кооздугун, экологиясын бузбай туристтик комплексттерди куруу керектигин да эскертип, Роже мырза бул аймактын иликтенип, талдоого алынаарын белгиледи. Ал мындай демилгени эл аралык уюмдар, белгилүү ишкерлер менен чогуу ишке ашыруу керектигин да айтып өттү. «Мындай фонддун түзүлүшүнө кыргыз жеринин кооз жаратылышы жана кыргыз элинин меймандостук мамилеси себепкер болду», - дейт швейцариялык Роже Дубуи мырза.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG