Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

ТАШТАРАТА ТООСУНДА 60 КИЛОГРАММ БАҢГИЗАТ ӨРТТӨЛДҮ


Чолпон Орозобекова, Бишкек 1987-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен 26-июнь Баңгиликке каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип келет. Бул күнү Бишкекте эл аралык уюмдардын, «Баңгизатсыз аң-сезим» дүйнөлүк лигасынын жана кыргыз өкмөтүнүн катышуусу менен иш-чаралар болуп өттү. Иш-чарага катышкандар Чүй боорундагы Таштарата тоосуна чыгып, Кыргызстанда кармалган баңгизаттар отко ыргытылды. «Баңгизатсыз аң-сезим» дүйнөлүк лигасынын демилгеси боюнча бул от жылыга тутана турган болду. Мындан кийин өлкө ичинде кармалган баңгизаттар дал ушул тоодо өрттөлмөкчү.

Таштарата тоосуна чогулган калың эл 60 килограмм баңгизатты өрттөп ийишти. Анын баары кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө комиссиясы тарабынан кармалган. Эми Кыргызстандын аймагында кармалган бангизаттын бардыгы ушул ыйык тоодо жок болот. «Баңгизатсыз аң-сезим» дүйнөлүк лигасы, ЮНЕСКО жана Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик уюштурган бул акцияга биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, Дүйнөлүк лиганын башында турган Жеңишбек Назаралиев, чет элдик жарандар, бейөкмөт уюмдар жана жаштар катышты.

«Баңгизатсыз аң-сезим» дүйнөлүк лигасы азыркы тапта эл аралык коомчулукка таанылып, абройлуу адамдардын көңүлүн буруп атат. Жакында эле ыйык Далай-Лама бул кыймылга мүчө болуп, Жеңишбек Назаралиевди Тибетте кабыл алган.

- Баңгиликке каршы күрөшкө да оңбогондой чоң каражат керек. Дарыгерлерде кайдагы акча? Мен ойлонуп атып, анан коомдук уюм түзүүгө кириштим. Азыр Дүйнөлүк лигага атактуу, абройлуу адамдар мүчө болду. Мен бирөөдөн бул кыймыл үчүн миллион доллар сурашым мүмкүн, экинчисинен он сом сурайм. Ардактуу президенти – мамлекет башчысы Аскар Акаев, ардактуу мүчөлөрү - ханзаада Агахан, Далай-Лама, Арнольд Шварценеггер, Кофи Аннан, Масатоши Кошиба жана башкалар. Мына ушул дүйнөнүн таанымал адамдары аркылуу баңгиликке каршы үндөп, айрыкча жаңы муун арасында баңгиликти болтурбоого далалат кылалы деп атабыз, - дейт Назаралиев мырза.

Кыргызстандагы мамлекеттик комиссия эл аралык донорлордун колдоосу менен баңгизаттарды көзөмөлдөөчү чоң агентикке айланууда. 19-июнда кыргыз өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюму баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга каршы чогуу күрөшүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага ылайык БУУ агенттикти каржылоого 6 миллион 20 миң доллар бөлөт. Бул долбоордун негизги донору болгон АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О'Киф мырза мындай дейт:

- Каржылоо өлчөмү агенттик канчалык натыйжалуу иштегенине жараша болот. Баңгизаттарды кармоо, аны ташыган адамдарды жазалоо, аларды калкалаган жогорку жактагы чиновниктердин бетин ачуу жана колго түшкөн баңгизаттарды ошол замат жоготуу өңдүү иштерди орду менен аткаруу чоң роль ойнойт. Албетте, агенттик коррупцияга аралашпай, эл арасында кадыр-баркка ээ болушу да маанилүү.

БУУнун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын башчысы Сумру Нояндын билдиргенине караганда, Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттардын үчтөн бир бөлүгү Кыргызстан аркылуу өтөт. Эл аралык эксперттердин айткандарына караганда, Кыргызстан аркылуу өтүп аткан баңгизаттардын 1% гана колго түшүүдө. Сумру Нояндын пикиринде, тартип коргоо органдарын каржылоонун начардыгы акыбалды оорлотуп келген.

Президент Аскар Акаев «Московский Комсомолец» гезитине берген маегинде кыргыз бийлиги баңгизат соодасын жана баңгиликти токтотуу үчүн күрөштө күч аябай келатканын айтты. Президенттин пикиринде, Эл аралык антитеррордук коалициянын жардамы менен Ооганстандагы кырдаал оңолуп калгандыктан, баңгизаттардын Орто Азияга агымы солгундады.

Нарколог Жеңишбек Назаралиевдин айтымында, азыр Кыргызстанда баңгилик аракечтикке салыштырмалуу азыраак. Бирок, эң коркунучтуу жагдай - баңгизаттардын арзандыгы жана оңой табылгандыгы. «Айрыкча республиканын түштүгүндө бир бөтөлкө винонун акчасына нашаа келгендиктен, жашырынып нашаа чеккен жаштар көбөйдү», - дейт Жеңишбек Назаралиев.

Кыргызстан боюнча баңгизаттарга көз каранды болгон 5611 киши каттоодо турат. Ал эми сакаюуга дит койбой басып жүргөндөрдү кошкондо, БУУнун эсеби боюнча, Кыргызстанда 80-100 миңдин тегерегинде баңги бар. Республиканын башкы наркологу Тынчтык Асановдун пикиринде, Кыргызстанда баңгиликке берилгендер калктын 2% түзөт, бирок бул абдан опурталдуу көрсөткүч. Башкы наркологдун айтымында, Казакстанда 200 миңден ашык баңги бар деп эсептелген менен, бул сан андагы калктын 1,7% барабар. Кыргызстанда бүгүнкү күндө 419 киши СПИД илдетине кабылды. Алардын 82% баңги. Демек, баңгилердин коом үчүн коркунучтуу болгон дагы бир жагдайы – алардын СПИД дартын таратканы.

Учурда Бишкектеги наркологиялык диспансерде эки адам баңгиликтен дарыланууда. Ал эми Ж. Назаралиевдин ооруканасында 25 адам жатса, алардын экөө кыргызстандык жарандар.
XS
SM
MD
LG