Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

Украинада гепатиттин А вирусуна чалдыккандардын саны өсүүдө


Эпидемиянын очогу - Луган облусундагы Суходольск шаары. Өткөн бир сутканын ичинде эле ооруканага 45 адам түштү, алардын 25и жаш балдар. Орусиялык маалымат агенттиктери өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берип тараткан кабарларга караганда, бул дартка чалдыкканы үчүн шектелип ооруканага жаткырылгандардын саны 380ден ашты. Алардын 275инин диагонозу ырасталган. Илдет суу камсыздоо системасындагы авариядан улам ичүүчү суу булгангандан кийин тарады. Азыр шаарда суу түтүктөрүн тазалоо иштери жүрүп жатат, жергиликтүү калкка суу сырттан ташылып келинүүдө.


Улан Эшматов, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG