Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

AМЕРИКА МЕНЕН ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ЛИДЕРЛЕРИ ИРАКТЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАШТЫ


Бүбүкан Досалиева, Прага Американын президенти Жорж Буш жана Европа Биримдигинин лидерлеринин 26-июнда Вашингтондо өткөн саммитинде согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү маселеси талкууланды. Буга чейин Ирактагы согуш боюнча эки башка көз карашта болуп келген тараптар эми Иракты калыбына келтирүү боюнча мамилелердин жаңы баскычына өтүшөөрүн убада кылышты.

АКШ президенти Жорж Буш жана Европа Биримдигинин лидерлеринин саммитине Европа комиссиясынын төрагасы Романо Проди жана Европа Биримдигине азыр тзрагалык кылып жаткан мамлекет - Грекиянын премьер-министри Костас Симитис катышты. Тараптар саммиттин күн тартибиндеги башкы маселе - эл аралык терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө биргелешип аракеттенүү керек деген чечимге келишип, бир өлкөдө кармалган кылмышкерлерди экинчи бир өлкөгө чыгарып берүү тууралуу макулдашууга кол коюшту.

Эл аралык терроризмге каршы күрөштө транс-атлантикалык биримдиктин алакасын күчөтүп, массалык кыргын салуучу куралдарды чыгарууну ооздуктоо, ал үчүн мындай куралдарды жасап жаткан өлкөлөрдү текшерүү зарылдыгын белгилешти. Бул жагдайдан алганда Иран өзөктүк куралдар бар же жок экендигин тастыктаган маалыматтарды атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикке бериши керек. АКШ президенти Буш саммиттен кийинки маалымат жыйынында “Эгер Иран менен Түндүк Корея өз аймагында массалык кыргын салуучу куралдар бар же жок экендигин текшерүүгө уруксаат бербесе катуу каршылыкка туш болушаарын” белгиледи. Андан тышкары бул эки өлкө дүйнө коомчулугунун алдында өз аймактарына “эл аралык агенттиктин текшерүүчүлөрүн киргизебиз” деген милдеттенме алышы керек деп эсептейт президент Буш. АКШ президенти Иран маселесине айрыкча токтолду:

- Атом энергиясы боюнча агенттик жакында жиберген маалыматка караганда, Иран эл аралык агенттиктиктин текшерүүчүлөрүн киргизүүгө милдеттенме алгысы жок. Америка жана Европа Биримдиги Ирандын эл аралык агенттик менен кызматташуусун каалай.

Ал эми Европа комиссиясынын төрагасы Романо Проди бул маселе боюнча Бушту колдоду:

- Иран менен сүйлөшүүлөр ар тараптуу жана өтө терең болушу керек жана биз текшерүүнү жүргүзүп, анын жыйынтыгында,өлкөлөрдө келечекте тынчтыкка коркунуч алып келе турган өзөктүк куралдар жок экендигине ынанышыбыз керек.

АКШ менен Европа Биримдигинин жетекчилери Ирактагы согушка байланыштуу кескин пикир келишпестиктер болгондон кийин биринчи ирет кезигишти. Ушундан улам саммиттин күн тартибиндеги айрым маселелер боюнча талаш катуу жүрүп, кээ бир маселелер ачык бойдон калды. Маселен, тараптар соода боюнча бир чечимге келе алышкан жок. Саммит башталаардан бир күн мурун АКШ президенти Буш Европа Биримдигинин соода саясатын катуу сынга алып, тактап айтканда, генетикалык жактан жакшыртылган айыл чарба товарларын Биримдик сыртка чыгарбай, Африкадагы ачарчылыкты ого бетер күчөтүп жатат деген эле. АКШ жетекчилигин баамында, бул - эркин соода боюнча эл аралык принципке карама-каршы. Ошондуктан, АКШнын жетекчилиги Дүйнөлүк соода уюмуна арызданаарын эскертти.

Эл аралык терроризм менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселесин талкуулоодо тараптар “Хамас” уюму боюнча да бир топ талашка түшүштү. АКШ бул уюмду террористтик уюм деп эсептеп, анын Европа өлкөлөрүндөгү өкүлчүлүктөрүнүн ишин ооздуктоону талап кылды.

Ал тууралуу президент Жорж Буш мындай деди:

- ”Хамас” жана ага окшош террорчул уюмдарды жок кылуунун эң туура жолу - бул алардын террорчул тамырларын биротоло жоюу жана ага каршы сокку уруу. Ошондо гана биз тынчтыкка ээ боло алабыз. Бул эң туура жол.

Европа Биримдик жетекчилери болсо “Хамас” уюмун толук бойдон террорчу деп атоо ашыктык кылат, анын саясий багыттагы бөлүктөрү жашоого акылуу деп эсептеп, уюмдун согушчул бөлүктөрүнүн аракетине гана каршы күрөшүү керектигин белгилешти.
XS
SM
MD
LG