Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:05

Америкалык атактуу "Найк" фирмасына каршы сот иши ачылууда


"Найк" (Nike) деп аталган жана спорт бут кийимин чыгарган дүйнөдөгү эң ири компанияга каршы жакында сот жараяны башталышы мүмкүн. Мындан бир нече жыл мурда бул компания - бут кийимди көбүрөөк чыгаруу үчүн Азия мамлекеттеринде ишканаларды ачып, аларда иштегендерге аз акча төлөп, жумушка жаш балдарды да тарткан деп күнөөлөнгөн. Бирок "Найк" дароо кеңири реклама кампаниясын баштап, күнөөнүн баарын четке каккан. Анткен менен 26-июнда АКШнын Жогорку соту "Найк" андай реклама өнөктүгүн баштабашы керек болчу деген чечим чыгарды.


Нарын АЙЫП, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG