Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

Босниялык сербдердин мурдагы жетекчиси түрмө мөөнөтүн Швецияда өткөрөт


Босниядагы серб жумуриятынын мурдагы президенти Биляна Плавшич түрмө мөөнөтүн Швециядагы абакта өткөрмөй болду. Гаага шаарындагы Мурдагы Югославия боюнча аскерий трибунал аны ич-ара согуш учурунда аскерий кылмыштарга жол берген деп күнөөлөп, үстүбүздөгү жылдын феврал айында 12 жылга эркинен ажыратууга кескен жана кийин дүйнө мамлекеттерине кайрылып, ким аны өзүнө алууга даяр экенин сураган. Швеция өкмөтү 72 жаштагы Плавшич үчүн өз түрмөлөрүнүн биринен орун бөлүп берди жана ал кечээ күнү Стокгольмго жөнөтүлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG