Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Астанада Шериктештик өлкөлөрүнүн IV эл аралык оюндары өтүп жатат


БИШКЕК. Кечээ Астанада Шериктештик өлкөлөрүнүн IV эл аралык оюндары башталды. Кыргызстандын спорт делегациясын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков баштап барды. Астана оюндарында Кыргызстандын намысын спорттун 10 түрү боюнча 50 спорт ардагери коргоп жатат. Алардын катарында сууда сүзүү боюнча Европанын чемпиону, экс-рекордчу Ахмед Анарбаев, Киевде жана Минскде өткөн эл аралык оюндардын жеңүүчүсү Марат Аманкулов, мурдагы атактуу футболчу Владимир Орешин, жөө күлүк Елена Маматина жана чоюн билек балбан Александр Петров да бар. Эл аралык эмгекчилердин, спорт ардагерлеринин Астана оюндары 30-июнга чейин уланмакчы.

XS
SM
MD
LG